23.04.2015
ЕЭКте Бирлик мамлекеттеринин экономикасынын айрым секторлорунда “параллель” импортун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун позициясын талкуулашты
23-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Интеллектуалдык мүлк объекттерине өзгөчө укукту жоготуу принцибин мындан ары колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Отурум ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы алдында өтүп, анда Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин аймагында айрым товарлардын категорияларын укукту жоготуунун колдонуудагы аймактык принцибинен алып салуу ыктымалдуулугуна карата Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун позициясы талкууланды. 23-апрелде
Евразия экономикалык комиссиясында Интеллектуалдык мүлк объекттерине өзгөчө
укукту жоготуу принцибин мындан ары колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Отурум ЕЭКтин Экономика жана каржы
саясаты боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы
алдында өтүп, анда Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин аймагында айрым товарлардын
категорияларын укукту жоготуунун колдонуудагы аймактык принцибинен алып салуу ыктымалдуулугуна
карата Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана
бизнес-коомчулугунун позициясы талкууланды.
Кеңешмеге
ЕЭК өкүлдөрү, ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук тармактык министрликтеринин,
монополияга каршы органдарынын, бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү катышышты.
Кеңешмени
ачып жатып, ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменов
билдиргендей, азыркы учурда Бирлик өлкөлөрүндө товарлардын айрым
категорияларына карата “параллель” импортун киргизүү мүмкүнчүлүгү жигердүү
талкууланууда. Кеп баарыдан мурда автоунаанын кам бөлүктөрү жана фармацевтик
препараттар жөнүндө болууда.
Отурумдун катышуучулары
бул маселе боюнча өздөрүнүн позицияларын билдиришти. Беларусь, Казакстан жана
Россия ЕЭКтин - ЕАЭБ жөнүндө келишимде товардык белгиге укукту жоготуунун
аймактык принциби базалык принцип катары сакталсын, бирок товарлардын чектелген
категориялары боюнча алып салууну аныктоого мүмкүндүк берилсин деген сунушун колдошту. Ал эми
өз кезегинде, Армения укукту жоготуунун эл аралык принцибин бара-бара киргизүүнү
сунуштады.
Тимур Сулейменов
билдиргендей, ЕЭКтин жана Тараптардын бул сунуштары Евразия экономикалык
комиссиясынын Кеңешине баяндалып, ЕАЭБ боюнча бардык шериктеш-өлкөлөр үчүн өз
ара пайдалуу чечимдерди табууга аракет жасалат.
Эске сала кетсек, кээ бир
товарларга карата алып коюуларды киргизүү маселесин Бирликтин өзүнчө бир мамлекетинде
чечүүгө болбойт, анткени ал улуттук компетенциянын алкагына кирбейт жана ЕАЭБ
жөнүндө келишимдин жоболору менен жөнгө салынат. ЕЭК министринин пикири боюнча,
азыркы учурда укукту жоготуунун эл аралык принцибин киргизүүгө эч кандай
маанилүү негиз жок. Ошол эле учурда, ЕЭК алып коюу принцибине туура келген товарлардын
категорияларын тандоо жөнүндө чечим
кабыл алууда ЕАЭБ деңгээлиндеги белгилүү бир методиканы иштеп чыгууну
пландаштырууда, мында товарлардын бул категорияларын аныктоонун критерийлери
жана тартиби камтылат.
Мындан тышкары, ЕЭК
товардык рыноктордогу атаандаштык жагдайын иликтөөнү, товарлардын тартыштыгы
бар же жок экенин жана анын социалдык маанисин баалоону пландаштырууда. ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча
Министринин айтымында, өндүрүштөрдүн чектелишинин деңгээлине жараша алып коюу
принцибине жол берилбейт. Ошондой эле Тимур Сулейменов баса белгилегендей,
товарлардын айрым категорияларына карата укукту жоготуунун аймактык принцибинен
алып коюулар бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгы
үчүн гана жүзөгө ашырылат. “Эгер биз май
айында ЕЭК Кеңешинин тапшырмасын алсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин
алып коюулар боюнча документтердин толук топтомун иштеп чыга алабыз”, - деп
белгиледи ЕЭК өкүлү.
Маалымат:
Товардык белгиге өзгөчө укукту жоготуунун аймактык принциби ЕАЭБ жөнүндө келишимде аныкталган жана ага ылайык, импортер
“брендделген” товарлардын укук ээсинен
ал товарларды Бирликтин аймагына алып кирүүгө жана андан кийин ЕАЭБ бүт
мейкиндигинде эркин сатууга макулдугун алуусу зарыл.
2014-жылдын 29-майындагы
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин негизинде азыркы учурда колдонулган товардык белгиге өзгөчө укукту жоготуу
принциби буга чейин 2010-жылдын 9-декабрындагы Интеллектуалдык менчикти
кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү жөнгө салуулардын бирдиктүү принциптери
жөнүндө макулдашуунун негизинде колдонулган.
Интеллектуалдык мүлк объекттерине өзгөчө укукту
жоготуу принцибин мындан ары колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча
жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын
23-июнундагы №45 чечими менен түзүлгөн. Жумушчу топтун төрагасы – ЕЭКтин
Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов. Жумушчу топтун курамына
Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын
ыйгарымдуу органдарынын дасыккан адистери, бизнестин эң маанилүү улуттук
багыттарын көрсөткөн эксперттер, ошондой эле Комиссиянын ар түрдүү багыттагы
адистери киришкен. ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 24-февралындагы №12 тескемеси
менен Жумушчу топтун курамына Бирликтин толук укуктуу мүчөсү болуп калган
Армения Республикасынын өкүлдөрү жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө
келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө келишимге кол коюусун эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү киргизилген.
Жумушчу топту түзүүнүн
максаты – маселени чечүүнүн эң туура жолдорун табуу, товардык белгиге өзгөчө
укукту жоготуунун компромисстик вариантын иштеп чыгуу, Бирликтин бардык
мүчө-мамлекеттери үчүн эң пайдалуу социалдык жана экономикалык натыйжа алууга
аракет кылуу.