27.01.2016
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко: “Биз улут үстүңкү ченемдерди, аларды мыкты дүйнөлүк практикаларга негиздөө менен, улуттук ченемдерден майнаптуураак кылууга аракет кылдык”
26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын биринчи курамынын акыркы отуруму болуп өттү. Анын төрт жылдык мөөнөтү ушул жылдын 1-февралында аяктайт. 26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын биринчи
курамынын акыркы отуруму болуп өттү.
Анын төрт жылдык мөөнөтү ушул жылдын 1-февралында аяктайт.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко, иштин жыйынтыгын чыгарып
жатып, ЕЭК Коллегия Мүчөлөрүн ( Министрлерди) биргелешкен жемиштүү жумушу үчүн
ыраазычылыгын билдирди.
Ал мындай деп белгиледи:
“Өткөн жылдар Евразия
экономикалык биримдигинин жана Комиссиянын калыптанышы үчүн, интеграцияны андан
ары тереңдетүү үчүн абдан маанилүү болду.
Биздин алдыбызда
глобалдуу милдеттер турду.
Ушул убакыттын ичинде
Биримдиктин мамлекеттеринин бизнес-коомдоштуктары менен тыгыз маектешүүдө
биз, улут үстүңкү ченемдерди, аларды мыкты
дүйнөлүк практикаларга негиздөө менен, улуттук ченемдерден майнаптуураак
кылууга аракет кылдык.
Биз өзөктүү милдеттерди
аткарып, Коллегиянын жаңы курамына жакшы
көрөңгө калтырдык “.
Евразия интеграциясын өнүктүрүү боюнча милдеттерди аткарууда кошкон зор
салымы үчүн ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
өз кызматын таштап кетип жаткан ЕЭК Министрлерине ардак грамоталарды
тапшырды:
ЕЭК бажы кызматташтыгы боюнча Министри Владимир Гошинге, ЕЭК соода
боюнча Министри Андрей Слепневге, ЕЭК Энергетика жана инфраструктура боюнча Министри Таир
Мансуровго, ЕЭК Министри Ара Нранянга, ЕЭК Министри Роберт Арутюнянга.
Комиссиянын жаңы курамынын
Коллегия мүчөлөрү Виктор Христенкого ыраазычылык билдиришти, анын ыйгарымынын
мөөнөтү да 1-февралда аяктайт.
ЕЭКтин
Армениядан Министри Карине Минасян жана ЕЭКтин Кыргызстандан Министри Данил
Ибраев Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасына, “анын жеке аракетинин аркасында,
Евразия экономикалык биримдигине беш улуттук туу сайылгандыгы үчүн”
ыраазычылык билдиришти.
Евразия экономикалык биримдигинин Коллегиясынын отурумунда
макроэкономика, соода, бажы кызматташуусу, маалыматташтыруу, атаандаштык жана
монополияга каршы жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу тармагындагы маселелер
каралды.
ЕЭК Коллегиясы Евразия
экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында бирдиктүү санариптик
мейкиндикти калыптандыруу зарылдыгы
туурасында маселени талкууну баштады.
Болуп өткөн ал отурумда ЕЭК Кеңешинин “Евразия экономикалык биримдигинде
бирдиктүү санариптик мейкиндикти калыптандыруу боюнча иш чаралар туурасында” тескемесинин
долбоору жактырылды.
Бул маселе ар кайсы аянтчаларда Биримдиктин мамлекеттеринин
бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү тарабынан бир нече жолу, о.э. ЕЭК өз ара
аракеттенүүсү боюнча консультативдик кеңештин отурумунда,
белоруссиялык-казакстандык-россиялык бизнес коомдоштуктарда, ЕАЭБ Ишкер
кеңешинин Президиумунда да көтөрүлгөн.
Тескемеде каралган иш чаралардын алкагында чек арага жакын базарларда
мамлекеттик тейлөөлөрдү көргөзүү үчүн
жаңы санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу туурасында, ички
жана тышкы базарларда товарларды жана кызматтарды сатуу курамындагы санариптик
коммерциянын үлүшүнүн көбөйгөнү туурасында, Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн электрондук аянтчаларындагы кичи
жана орто бизнеске жеткилиги туурасында,
ЕАЭБ санариптик экономикасынын өнүгүүсү үчүн инфраструктураны калыптандырууга
ыкмалардын жакындашы тууралуу маселелердин талкууланышы болжолдонууда.
Кеңештин тескемеси
Комиссиянын өкүлдөрүнөн, бизнес-коомдоштуктардын жана Биримдиктин
мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын
өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү карайт.