16-ноябрда саат 11:00дө "Кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүгү" биргелешкен билим берүү курсунун ачылышы болот. Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин координациясы астында уюштурулган окуу долбоору Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын бир катар жождорунун жетекчилеринин жана бизнес- коомдоштугунун өкүлдөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасы болуп саналат.
Билим берүү курсун өткөрүүнүн актуалдуулугу күмөн жаратпайт, анткени ЕАЭБ өлкөлөрүндө өздүк селекциялык-үрөнчүлүк базасын өнүктүрүүнүн жогорку дарамети бар болгону менен кант кызылчасынын себүүчү материалына импорттук көз карандылык бар. Буга байланыштуу тармакты жогорку натыйжалуу үрөндөр менен камсыздоо үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо зарыл.
Практикага багытталган адистерди даярдоо максатында агрардык жождордун алдыңкы мугалимдери менен катар тармактык бизнестин жана илимдин өкүлдөрү катышат. Тактап айтканда, курстун ачылышынын алкагында "Щелково Агрохим" АКнын Селекция жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү департаментинин директору, айыл чарба илимдеринин доктору, Россиянын илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Александр Прянишниковдун биринчи лекциясы болот. Ал студенттерди компаниянын адаптивдүү селекциядагы ишинин натыйжалары менен тааныштырат.
Бул долбоор 2021-жылдагы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлган учурдан тартып үчүнчү долбоор болмокчу.
Иш-чара видеоконференцбайланыш режиминде төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: Москва ш., Летниковская көч., 2-үй, 2-кур.
Маалымат
"Кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүгү" билим берүү курсуна катышкан жождор: Воронеж мамлекеттик агрардык университети, Россия мамлекеттик агрардык университети – К.А. Тимирязев атындагы МСХА, Беларус мамлекеттик айыл чарба академиясы, Кыргыз улуттук агрардык университети.
"Кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүгү" билим берүү курсуна катышкан бизнес-коомдоштуктун жана ИИИнин өкүлдөрү: Евразиялык кант ассоциациясы, Беларустун УИАсынын кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, "СоюзСемСвёкла" селекциялык-генетикалык борбору, А.Л. Мазлумов атындагы бүткүл россиялык кант кызылчасын изилдөө институту, Биринчи май кант кызылчасынын селекциялык-тажрыйбалык станциясы (Краснодар крайы, Гулькевичи ш.), "Щелково Агрохим" АК.