Ыктыярдуу негизде колдонулуучу жана техникалык регламенттин аткарылышын камсыз кылган стандарттардын тизмегине 14 стандарт киргизилди (алардын сегизи – жаңы документтер). Изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмегине 100 документ киргизилди (алардын 45 – жаңы документтер).
Стандарттардын тизмектери Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте, эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда ЕЭК тарабынан иштелип чыкты жана техникалык регламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына ылайык иштелип чыккан жаңы жана кайра каралган мамлекеттер аралык стандарттарды камтыйт.
Тизмекке алгачкы жолу киргизилген стандарттарды жана усулдарды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредиттөө максатында ЕЭК Коллегиясынын чечими 2022-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирмекчи.