Жаңылыктар

14.11.2023 (Обновлено: 17.11.2023 16:18)

Андрей Слепнев: "Вьетнам менен соода көлөмдөрүн мындан ары жогорулатууга биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өбөлгө болот"

Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлгөн биргелешкен комитеттин бешинчи отурумунун жүрүшүндө билдирди. Отурум 13-ноябрда видеоконференцбайланыш форматында өткөрүлгөн. Жолугушууда вьетнамдык тараптын теңтөрагасы Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Нгуен Хонг Зиен болду.

"Өз ара соодада тең салмактуулукка жетишүү, аны сапаттык жана сандык жактан илгерилетүү, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттарын табуу үчүн биз ири инвестициялык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүбүз зарыл, алар өз ара продукцияларды жеткирүүнүн мындан аркы өсүшүнүн келечегин берери шексиз", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.

Отурумдун башында тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу абалын карап чыгып, Келишимдин жүзөгө ашырылышына сереп салышты. Жолугушуунун күн тартибине бири-биринин рынокторуна товарлардын жеткиликтүүлүгүн кошумча либералдаштыруу, коргоо чаралары, санитардык жана фитосанитардык жөнгө салуу, климат күн тартиби, инвестициялар жаатында маалымат алмашуу маселелери кирди. Соодадагы техникалык тоскоолдуктар, ошондой эле бажы маалыматтарын электрондук алмашуу маселелери жана товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери талкууланды.

"Дүйнөлүк экономикадагы учурдагы кырдаал жана эл аралык соодадагы жаңы чакырыктар соода географиясын диверсификациялоонун жана өз ара пайдалуу соода макулдашууларынын эсебинен тең салмактуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп турат", – деп констатациялады Андрей Слепнев.

Биргелешкен комитеттин ишинин алкагында тараптар Макулдашууну ишке ашыруунун учурдагы абалын кеңири талдоо үчүн преференциалдык статистиканы алмашууга кызыкдар экендигин дагы бир жолу тастыкташты. Санитардык жана фитосанитардык жөнгө салуу жагында отурумдун катышуучулары вьетнамдык өндүрүштөгү балыктарды жана балык продукцияларын россиялык рынокко, ал эми Беларусь Республикасынан эт продукцияларын — Вьетнамдын рыногуна жеткирүүнүн көйгөйлөрүн карашты. Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Вьетнам Өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 21-мартындагы Вьетнам Социалисттик Республикасынын аймагында моторлуу транспорт каражаттарын өндүрүүнү колдоо жөнүндө протоколду ишке ашыруу маселесинде прогресс белгиленди.

Маалымат

Өз ара соодада ЕАЭБ-Вьетнам Макулдашуусун имплементациялоонун алгачкы беш жылында (2017-2021-жылдар) ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда товар айланымынын өсүшүнүн оң динамикасы байкалган, ал 32,2%га көбөйгөн (2017-жылы 5,9 млрд доллардан 2021-жылы 7,8 млрд долларга чейин). 2022-жылы товар жүгүртүү 2021-жылга салыштырмалуу үчтөн бирге (33%) төмөндөгөн. 2023-жылдын сегиз айында ЕАЭБдин Вьетнам менен товар жүгүртүүсү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га өскөн.