Жаңылыктар

04.12.2023 (Обновлено: 05.12.2023 15:05)

Андрей Слепнев: "ЕАЭБ жана Иран эркин соода режиминде толук форматтуу экономикалык интеграция моделине өтүү жана тармактык кызматташтыкты тереңдетүү босогосунда турат"

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев 2023-жылдын 4-декабрында Тегеранда башталган EURASIA EXPO экинчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

"Логистика жана транспорттук байланыш, "Түндүк-Түштүк" экономикалык коридорун өнүктүрүү, санариптештирүү жана технологиялык трансформация, технологиялык суверенитет жана ага жетишүүдө өз ара жардамдашуу, каржы чөйрөсү-кызматташуунун ушул багыттарынын баары бүгүнкү күндө принципиалдуу мааниге ээ", - деп ЕЭК министри көргөзмөнүн ачылыш аземинде белгиледи.

Ал эскертип өткөндөй, 2019-жылдын октябрынан тартып ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда убактылуу преференциялык соода келишими иштейт, ага ылайык өз ара соодада алымдар товарлардын чектелген номенклатурасы боюнча төмөндөтүлгөн же жоюлган.

"Акыркы үч жылда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода эки эсеге өскөнүн көрүп турабыз. Эки тараптын бизнеси кооперация үчүн шарттарды кошумча жакшыртууга кызыкдар экенин көрөбүз. Бул суроого биздин жообубуз - ушул айдын аягына чейин толук форматтагы келишимге кол коюлат, ал дээрлик бардык соода алымсыз жүргүзүлөрүн, ошондой эле тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтарын белгилейт. Сооданы дагы эки эсеге көбөйтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп ишенем", – деп кошумчалады Андрей Слепнев.