Жаңылыктар

27.03.2024

Андрей Слепнев жана Женевадагы эл аралык уюмдардын башчылары жалпы чакырыктарды жеңүү үчүн соода жаатында диалогду өнүктүрүүнү макулдашышты

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев 25-26-мартта Женевага болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК), БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД), Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) башчылары менен диалогду өнүктүрүү жана жалпы чакырыктарды жеңүү боюнча күч-аракеттерди координациялоо перспективаларын талкуулоо үчүн жолугушту.

ЮНКТАД Башкы катчысы Ребека Гринспан жана Андрей Слепнев туруктуу өнүгүү, регионалдык экономикалык интеграция, макроэкономикалык саясат, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларынын маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кызматташуунун жаңы үч жылдык программасы жактырылды, ошондой эле климаттык күн тартибинин соода аспектилери жана электрондук сооданы жөнгө салуу сыяктуу эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ЕЭКтин соода боюнча министри регионалдык деңгээлде натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу жана иш-аракеттерди макулдашуу үчүн байланыштарды улантууга, анын ичинде эл аралык транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана региондо калыптанып келе жаткан санариптик инфраструктуранын ар кандай компоненттеринин шайкештигин камсыздоого кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылга чейин кызматташуунун жаңы планы макулдашылды.

Андрей Слепнев баса белгилегендей, "ЮНКТАД менен кызматташуу программасына жана кийинки 2024-2026-жылдар үч жылдык мезгилине карата БУУ ЕЭК менен кызматташуу планына киргизилген багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын жоболорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала менен ЕЭКтин соода боюнча министри ушул жылдын февралында Абу-Даби шаарында (БАЭ) болуп өткөн XIII ДСУ Министрлер конференциясынын жыйынтыктарын талкуулады. Андрей Слепнев ДСУ башчысын соода агымдарынын багыттары өзгөрүп жаткан шарттарда жана дүйнөлүк экономиканын жана сооданын фрагментациясынын тобокелдиктери өсүп жаткан чакта Евразия экономикалык бирлигинин соода саясатын ишке ашыруу жөнүндө маалымдады.

"Эл аралык деңгээлде сооданын чектелишине жана фрагментацияланышына жол бербөө максатында климаттык жөнгө салуу чараларын колдонуунун так эрежелери жана чектери иштелип чыгышы керек. Мындай эрежелер көп тараптуу соода тутумунун алкагында түзүлгөн макулдашуулардын базасында, анын ичинде басмырлабоонун, ачыктыктын, натыйжалуулуктун жана транспаренттүүлүктүн базалык принциптеринин негизинде иштелип чыгышы керек", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри.

Эл аралык соода борборунун аткаруучу директору Памела Кок-Гамильтон менен жолугушууда ЕЭКтин соода боюнча министри климаттын өзгөрүү проблемаларын чечүүгө карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу үчүн негизги эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, аларда башка маселелер менен катар, колдонулуп жаткан чаралардын транспаренттүүлүгүн камсыздоого жана мүмкүн болгон тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган соода маселелерине жооп берген жетекчилердин диалогу каралышы керек. ЭСБ жана ЕЭК сооданы санариптештирүүнү кошо алганда, өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай чөйрөлөрдө "сааттарды салыштырууну" жүргүзүүнү макулдашышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Бөлүмүнүн башчысы Татьяна Валовая менен Андрей Слепнев туруктуу өнүгүү максаттарын жана "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруунун контекстинде БУУ тутумунун эл аралык уюмдары менен ЕЭКтин өз ара иштешүүсүнүн жалпы милдеттерин талкуулады.

Маалымат

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев жетектеген соода блогу Евразия экономикалык комиссиясынын БУУ ЕЭК, ЮНКТАД, ДСУ жана ЭСБ менен өз ара иштешүүсү боюнча координатору болуп саналат.