Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын аянтында ЕАЭБ менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлгөн Биргелешкен комитеттин төртүнчү отуруму болуп өттү. Отурумду ЕЭКтин Соода министри Андрей Слепнев жана Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Нгуен Хонг Зиен алып барышты.
«Вьетнам убакыт менен текшерилген өнөктөшүбүз, анткени Евразия экономикалык бирлик дал ушул өлкө менен биринчи эркин соода макулдашуусун түзгөн. Алты жылдан бери биз бул документтин негизинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп келебиз жана анын аркасы менен биз өз ара сооданы олуттуу жогорулатууга жетиштик», - деп белгиледи Андрей Слепнев.
Анын айтымында, 2021-жылы өз ара сооданын көлөмү 7,8 миллиард долларга жетип, 2020-жылдын жыйынтыгынан 25%га жогору болду. Мында ЕАЭБ экспорту 36%, импорт 21% өстү. Жалпы жонунан Эркин соода макулдашуусун ишке ашыруунун биринчи беш жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүү 32,2% өстү.
Өз кезегинде Нгуен Хонг Зиен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да жакшыртуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенине ишенерин билдирди. Министрдин айтымында, Вьетнам менен ЕАЭБтин жумушчу органдарынын жолугушууларынын жүрүшүндө түзүлгөн макулдашуулар макулдашууну жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Буга байланыштуу тараптар макулдашууну өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууну, атап айтканда, коньяк өнүмдөрү жана башка товарларды бири-биринин рынокторундагы жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү макулдашышты.
Отурумдун жыйынтыктоочу протоколунда Вьетнам тараптын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өзүнүн аймагына буудайдын экспортун көбөйтүү маселесин иштеп чыгууга даяр экени айтылды, ошондой эле өнөктөштөрдүн сөөксүз уй этин жеткирүүнү тастыктамалоо процессин аягына чыгаруу үчүн ветеринардык инспекторлордун зыяратын уюштуруу ниети бар экени ырасталды.
Товардын келип чыгышын ырастоо жана электрондук тастыктамалоо тутумунун алкагында, товардын келип чыгышын аныктоонун өзгөчө критерийлеринин жаңыланган тизмеси жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Вьетнамдын ортосунда маалыматты электрондук алмашуу протоколунун долбоору жактырылды.
Жыйынтыгында Биргелешкен комитеттин катышуучулары климаттык күн тартибинин алкагында тажрыйба жана жеткиликтүү мыкты технологиялар менен алмашуу сыяктуу кызматташуунун жаңы багыттарына токтолушту.
Маалымат
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлик менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода тууралуу макулдашууга 2015-жылдын 29-майында кол коюлуп, 2016-жылдын 5-октябрында күчүнө кирген. Документте макулдашуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн товарларды жеттирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн өз ара сооданын алкагында өздөрүнүн рынокторуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн алкагында катышуучулардын өз ара милдеттенмелери белгиленет.