Жаңылыктар

13.02.2025

Андрей Слепнев: "Атаандаштыктын күчөшүн эске алуу менен эл аралык рыноктордо бизнес менен биргелешкен ишти активдештирүү зарыл"

Мындай чакырык менен Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги уюштурган "2025 – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы" эл аралык форумунун катышуучуларына кайрылды.

"Эгер соода боюнча 2024-жылдагы цифраларды ала турган болсок, алар жетишерлик ийгиликтүү. Бирлик ичиндеги соода 10%га өстү жана бул бир жыл мурунку олуттуу өсүштөн кийин. ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү боюнча тышкы соодасы дээрлик өзгөргөн жок, мында экспорт 1,2%, ал эми соода сальдосу – 17,3% кошту", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Анын айтымында, мындай цифралар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө сооданы изоляциялоо, чектөө же кандайдыр бир жол менен туруксуздандыруу аракеттери сезимтал болгону менен, максатына жетпей жатканын көрсөтүп турат. Соода өнүгүүдө, бизнес илгерилеп жана өнөктөштөр менен иштешүүнү улантуу жолдорун табууда.

Форумдун темасына кайрылып, Андрей Слепнев азыр ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр жаңы чакырыктарга жооп болуп саналарын баса белгиледи. Ал эми бул чакырыктарды, анын пикири боюнча, эки негизги пунктка бириктирүүгө болот. Биринчиси — Россия жана Беларусь үчүн мүнөздүү жана санкциялык кысымдан турат. Экинчиси, дүйнөлүк соода тутуму толугу менен глобалдык трасформациялануу баскычына кирген жаткандыгы менен байланыштуу. "Азыр биз соода согуштарынын мезгилдерин баштан кечирип жатабыз, жана бул контекстте биз перспективаларыбызды түшүнүшүбүз керек", – деп көңүл бурду ЕЭК министри.

"Эң оболу, эл аралык өнөктөштөрдүн Бирлик менен соода чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүгө кызыгуусу абдан чоң экендигин айткым келет. Бүгүн биз Иран менен болуп көрбөгөндөй эркин соода келишимин имплементациялоо боюнча иш жүргүзүп жатабыз, Индия менен консультациялар жигердүү жүргүзүлүүдө, БАЭ менен макулдашууга быйыл кол коюлушу күтүлөт", – деп маалымдады Андрей Слепнев.

Башка багыттардын катарында ал Түштүк-Чыгыш Азия рыногун негизги багыттардын бири катары айырмалады. Бул багытта кырдаал бүгүн абдан тез өзгөрүп жатат, бул АКШнын Кытайга карата чараларына байланыштуу. Региондо ЕАЭБдин Вьетнам менен эркин соода жөнүндө макулдашуусу иштеп жатат, Индонезия менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

"Атаандаштык барган сайын көбөйөт, ошондуктан бул атаандаштыкка туруштук берүү жана бул рыноктордогу өз кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн биздин экспорттук күч-аракеттерибиз дагы күчөтүлүшү керек. Бул жөнгө салуучу катары бизге да, биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомдоштугуна да тиешелүү", – деди аягында министр.