25-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана Индиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Сунил Бартвалдын ортосунда жолугушуу болуп өттү. Ал Москвага Индия делегациясынын БРИКС өлкөлөрүнүн соода министрлеринин 14-жолугушуусуна жана БРИКС байланыш тобунун экономикалык жана соода маселелери боюнча 36-жолугушуусуна катышуусунун алкагында келген. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү жана Индия өз ара соода чөйрөсүндө жогорку потенциалга ээ экендиги белгиленди, аны ишке ашыруу товар жүгүртүү түзүмүн диверсификациялоого жана экономиканын ар кандай секторлорунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жардам бериши керек.
"ЕАЭБ мүчө мамлекеттери өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүгө жана соода товарларынын спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турган преференциалдык соода макулдашуусун иштеп чыгууну кошо алганда, өз ара иштешүүнүн жаңы формаларын кароого даяр", – деп белгиледи Андрей Слепнев.