Жаңылыктар

03.02.2023

Андрей Слепнев: "Пилоттук жөнөтүүлөр "Түндүк – Түштүк" коридору боюнча айыл чарба продукцияларын жеткирүүнүн жагымдуулугун жана натыйжалуулугун көрсөттү"

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын Түркмөнстан, Иран Ислам Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары жана Индия Республикасы багытындагы "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридору боюнча ишке ашырылуучу ташууларды "Евразиялык агроэкспресс" биргелешкен интеграциялык долбооруна киргизүү боюнча сунушун колдошту. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тиешелүү тескемеси Алматыда өткөн отурумдун алкагында кабыл алынды. 

"Бир катар транспорттук каттамдардын багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу "Түндүк-Түштүк" коридоруна суроо-талап олуттуу өстү. Долбоордун алкагында ишке ашырылган Иран жана Индияга пилоттук жөнөтүүлөр багыттын жагымдуулугун тастыктады. Биздин өлкөлөр бул жерде өздөрүнүн транзиттик жана экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн чоң потенциалга ээ", – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ошону менен бирге министр "Евразиялык агроэкспресс" иштеген биринчи жылда ал пландык көрсөткүчтөрдөн ашкандыгын өзгөчө белгиледи. Долбоордун алкагында жалпысынан 2022-жылы 525,5 миң тонна, анын ичинде 282,9 миң тонна рефрижератордук жүктөр ташылган. Товарлардын номенклатурасына тооктун жана уйдун эти, кургак сүт, май-тоң май, жемиш-жашылча жана дан-буурчак азыктары кирген.

"Пандемияга байланыштуу продукцияны жеткирүүлөр боюнча Кытай тарабынан учурдагы чектөөлөргө карабастан, бул өлкөгө мультимодалдык ташуулар абдан активдүү жүргүзүлдү", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.

Бирок, анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алкагында анын натыйжалуу иштешине тоскоол болгон бир катар аспектилер да аныкталган. Атап айтканда, көйгөй Достык-Алашанькоу жана Алтынколь-Хоргос чек ара өткөөлдөрү аркылуу кургак темир жол каттамдары боюнча Кытайга тоңдурулган продукцияны ташып келүүгө уруксаттарды алууга тиешелүү. Бул Ыраакы Чыгыш порттору аркылуу мультимодалдык ташууларга салыштырмалуу жүктүн наркы жана жеткирүү убактысы боюнча бир топ утуштуу болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу ЕЭКке Евразия экономикалык бирлигинин кызыкдар мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте, КЭР менен чектөө чараларын четтетүү жана бажы жана башка административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча макулдашууларга жетишүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин айыл чарба продукциясын тездетилген контейнердик темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча "Евразия агроэкспресс" демилгеси 2022-жылдын 25-февралында ЕӨАКнын № 3 тескемеси менен колдоого алынган. Долбоордун артыкчылыгы ички рынокто да, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна да мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн үзгүлтүксүз тездетилген жеткирүүнү өнүктүрүү болуп саналат. Биргелешкен долбоордун дирекциясынын функцияларын аткаруу үчүн "Евразиялык Агрологистика" АКэУ түзүлгөн.