17-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭК эксперттеринин жана Россиядан жаш ишкерлердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу 7-июндан 9-июнга чейин Сочиде (Россия Федерациясы) өтө турган КМШ жана ЕАЭБдин II Жаштар форумуна арналды.
Ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ишкерлер, жаш мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана демилгелүү жаштардын өкүлдөрү катышуусу күтүлөт. Форумдун негизги миссиясы — жаштар ишкердигин өнүктүрүү үчүн конкреттүү чечимдерди түзүү, ЕАЭБди андан ары өнүктүрүү боюнча жаштардын сунуштарын иштеп чыгуу.
КМШ жана ЕАЭБдин II Жаштар форумунун уюштуруучусу Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШ Аткаруучу комитетинин колдоосу менен Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик эсептелет.
Каттоонун расмий башталышындагы иш-чаралардын бири россиялык жаш ишкерлердин Комиссиянын өкүлдөрү менен уюмдун Москвадагы штаб-квартирасында жолугушуусу болду. ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы, Комиссиянын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков Евразия экономикалык бирлиги – бул беш өлкөнүн: Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын калыптанып калган интеграциялык бирикмеси экенин эске салды.
"Биздин Бирлик тек гана экономикага негизделген динамикалуу өнүгүп келе жаткан коомдоштук болуп калды. Биз төрт эркиндикти ишке ашырабыз: капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн жана товарлардын жылуусунун эркиндигин, – деп белгиледи Данияр Турусбеков. — Жаштар ишкердиги — биз үчүн жаңы тема, жана биз Комиссиянын жаш ишкерлер менен системалуу өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин түзүү — биз келечекте аткара турган иш. Бул ишке жакында Сочиде өтө турган КМШ жана ЕАЭБдин II Жаштар форуму жардам бермекчи. Ошондой эле ал ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович евразиялык интеграцияны өнүктүрүүдө жаштардын маанилүү ролун бир нече жолу белгилеп, жаштар форумдарынын маанилүүлүгүнө ишенимин билдиргенин эске салды.
Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин кеңешчиси Олег Макаровдун айтымында, ведомство 2022-жылдан тарта Жаштар ишкердигин өнүктүрүү боюнча бүткүл россиялык программаны жүзөгө ашырып келет. "Бул жаштарды ишкердик ишмердикке тартуу, жаш ишкерлердин туруктуу коомчулугун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекси. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча программанын 36 иш-чарасы ишке ашырылып, анын катышуучулары Россиянын жаштарынын 77 000ден ашык өкүлдөрү болушту, — деп белгиледи ал. Олег Макаров белгилегендей, 2023-жылы экспортту өнүктүрүүгө байланыштуу кошумча багыт — КМШ өлкөлөрүндөгү эл аралык ишкердик боюнча программа ишке ашырылууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкердикти жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча идеяларды чогултуу башталгандыгы жарыяланды. Мыкты идеялар Форумда көрсөтүлөт.
Жолугушууга Комиссия тарабынан Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян, Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин электрондук сооданы жөнгө салуу жана товарларды маркалоо бөлүмүнүн башчысы Илья Кабанов, Макроэкономикалык саясат департаментинин макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүдө кызматташтык бөлүмүнүн начальниги Михаил Сильвестров, Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин бажы мыйзамдары бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Марина Селиванова, Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максим Шалягин катышып, евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттары тууралуу айтып беришти жана жаш ишкерлердин суроолоруна жооп беришти.