Жаңылыктар

09.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:23)

Арман Шаккалиев жана ISO Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун башкы катчысы монополияга каршы комплаенстин стандарттарын иштеп чыгууну талкуулашты

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев жана ISO Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюмунун башкы катчысы Серхио Муика 9-июлда Женевада (Швейцария) ISO эл аралык стандарттарынын негизинде монополияга каршы комплаенстин стандарттарын иштеп чыгууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТК 309 "Уюмдарды башкаруу" негизинде монополияга каршы комплаенстин стандарттарын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун белгилешти жана аны ишке ашырууга ушул жылда киришүү жөнүндө келишишти.

"Биздин мамиленин жаңылыгы комплаенс компаниянын башкаруу тутумуна тобокелдиктерди башкаруу тутуму сыяктуу киргизилип жаткандыгында. Бул багытты бир кыйла натыйжалуу өнүктүрүү үчүн биз монополияга каршы комплаенс боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз", – деп Арман Шаккалиев баса белгиледи.

Монополияга каршы комплаенс – профилактикалык мүнөздөгү аспап. Бул компаниянын улуттан жогорку монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын аткарышына ички аудит тутуму. Мисалы, эгер мыйзам бузуу текшерүүчү тарабынан аныкталса, анда ишкана жазапул, соттук чыгымдар жана беделдик жоготуулар сыяктуу чоң бааны төлөөгө мажбур болот. Эгер ишкана мыйзам бузууну өз алдынча аныктап, анын алдын алса же токтото алса, анда ал үчүн терс кесепеттер бир кыйла азыраак болот.

Маалымат

Монополияга каршы комплаенс институту көптөгөн юрисдикцияларда документалдуу түрдө бекитилген. Мисалы, АКШда бул Өкүмдөрдү чыгаруу боюнча колдонмо, Улуу Британияда – Монополияга каршы укуктун ченемдерине шайкештикке жетишүү боюнча колдонмо, Германияда – Корпоративдик башкаруу кодекси, Францияда – Коммерциялык кодекс.