Жаңылыктар

19 июнундагы 2025 Гоар Барсегян: "Өнөр жай операциясын каржылоо – экономикалык интеграцияны тереңдетүү үчүн маанилүү кадам" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Петербург эл аралык форумунда өткөн "Россия-Казакстан диалогу. Өнөр жай кызматташтыгынын жаңы горизонттору" бизнес-диалогунун жүрүшүндө билдирди. ЕЭК министри Россия менен Казакстандын ортосунда гана эмес, бүтүндөй – Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүдө экономиканын реалдуу секторунун маанилүү ролун белгиледи. "Бизнестин демилгеси боюнча ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын каржылык колдоонун жаңы механизми түзүлгөн. Комиссия тарабынан 2024-жылдын июлунан тартып ишке киргизилген бул инструмент экономикалык интеграцияны тереңдетүүдө, ишкерлердин практикалык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды", — деп билдирди Гоар Барсегян. ЕЭК министри баса белгилегендей, механизм насыялар боюнча пайыздык чендерди Бирликтин өлкөлөрүнүн негизги коюмунун 100% деңгээлинде субсидиялоону, ошондой эле ЕАЭБдин үч же андан көп мамлекеттеринин ишканаларынын катышуусун караштырат, бул кооперацияны күчөтөт, тажрыйба алмашууга жана технологиялык өсүшкө өбөлгө түзөт. Анын айтымында, алгачкы эки долбоорду, анын ичинде Казакстанда айыл чарба техникаларын биргелешип чыгарууну каржылоо жактырылды. Бул долбоорду ишке ашыруу россиялык жана беларустук ишканалардын катышуусу менен дан жыйноочу комбайндарды өндүрүүнү камсыз кылат. ЕЭК министри билдиргендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары оң тажрыйбаны эске алуу менен, агроөнөр жай комплексине кооперациялык долбоорлорду колдоо механизмин кеңейтүү боюнча демилгени жактырышкан. "Экономикалык потенциалдарды жана улуттук компетенцияларды бириктирүү менен биз интеграциялык мейкиндикти кура алабыз, ал экономикалык өсүштүн, туруктуу технологиялык өнүгүүнүн ишенимдүү базасы болмокчу", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян. ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2024-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 4,5%га өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Казакстан менен жалпы товар жүгүртүүсүнүн 80%га жакыны иштетүү өнөр жайынын продукциясына туура келет.
18 июнундагы 2025 ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук көзөмөлдүн алкагында маалыматтык өз ара иштешүү ишке киргизилди Беларусь жана Россия технологиялык өз ара иштешүүнү жөнгө салууну аякташты жана № 46 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдү маалыматтык камсыздоо" жалпы процесси боюнча улуттук сегменттерди иштеп чыгышты. Бул аларга толук форматтагы маалымат алмашууну баштоого мүмкүндүк берди. № 46 жалпы процесс Бирликтин тышкы жана өз ара соодасынын интеграцияланган маалыматтык тутумунун бөлүгү болуп саналат. Аны киргизүү ЕАЭБге жүк ташуучу автотранспорттун кирүүсүндө улуттук ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Процесстин башталышына даярдыктын жүрүшүндө Беларустун жана Россиянын ыйгарым укуктуу органдары транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдүн натыйжалары жөнүндө консолидацияланган маалыматтарды камтыган 800дөн ашык транзакцияларды жүргүзүштү. 2025-жылдын аягына чейин, башталган маалымат алмашууга Казакстан менен Кыргызстан кошулуусу пландалган. ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев мындай деп баса белгиледи: "№ 46 жалпы процессти толук кандуу ишке ашыруу ыйгарым укуктуу органдарга мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча транспорттун жүрүшүндө Бирликтин тышкы чек арасында транспорттук контролду жүргүзүүнүн жыйынтыктарына, анын ичинде жыйымдардын, жазапулдардын төлөнүшү жана эреже бузууларды четтетүү жөнүндө маалыматка ыкчам жетүүнү камсыз кылат. Бул натыйжада транспорттук процесстин сапатына жана коопсуздугуна оң таасирин тийгизет". ЕАЭБ жөнүндө келишимге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, Армения № 46 жалпы процессти ишке ашырууга катышпайт.
18 июнундагы 2025 ЕЭК адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө, таңгакталган ичүүчү сууга, тамак-аш кошулмаларына жана жыт бергичтерге техрегламенттерге стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 027/2012), "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" (ББ ТР 029/2012) жана "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 044/2017) техникалык регламенттерге стандарттардын тизмесин актуалдаштырды. Тизмектерге аталган регламенттерге карата программаларга ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан иштелип чыккан мамлекеттер аралык стандарттар кирген. Атап айтканда, ББ ТР 027/2012 изилдөө ыкмаларына стандарттардын тизмесине алты мамлекеттер аралык стандарт киргизилген жана ошончо эле (актуалдуулугун жоготкон) – алынып салынган. ББ ТР 029/2012 ыктыярдуу колдонуу стандарттарынын тизмеси жана изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмеси үч жаңы документ менен толукталган, бирөө алынып салынган. ЕАЭБ ТР 044/2017 изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмесине бир стандарт кошулду, эки документ алынып салынды, ал эми дагы бир стандартты колдонуу мөөнөтү чектелүү. Стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу тартибине ылайык мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү ачык талкуулоо жол-жоболорун өткөрбөстөн жана профилдик Консультативдик комитеттин отурумунда каралбастан, Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүнүн ушундай стандарттарга кошулуу шартында стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат. ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөр Комиссиянын тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.
17 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБдин артыкчылыгы өз ара пайдалуу тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат" Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 17-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында Европа Бизнес Ассоциациясынын (ЕБА) башкы директору Тадзио Шиллинг менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Комиссиянын жана азыркы учурда 380ден ашуун европалык компанияларды бириктирген АЕБдин өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги талкууланды. "Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Биз АЕБди ишкерлер чөйрөсү менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү үчүн ишенимдүү өнөктөш катары карайбыз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. ЕЭК Коллегиясынын башчысы ЕАЭБ ишмердигинин артыкчылыктарынын бири — тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат деп белгиледи. Комиссия эл аралык кызматташтыктын географиясын ырааттуу кеңейтүүнү көздөйт. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар евразиялык мейкиндикте ишкерлердин диалогун мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты. Бакытжан Сагинтаев Тадзио Шиллингди Европалык бизнес ассоциациясынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, Евразия экономикалык форумунун талааларында мыкты жана натыйжалуу иштерди каалады.
17 июнундагы 2025 ЕАЭБдин "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги" техрегламентине стандарттарды иштеп чыгуунун жаңы программасы бекитилди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги жөнүндө техрегламентин ишке ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча жаңыланган программаны бекитти. Жаңы программа 123 позицияны камтыйт, алар негизинен эл аралык стандарттардын негизинде 13 мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжолдойт. Ошондой эле 109 мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу пландаштырылган, алардын ичинен — 83 эл аралык стандарттардын негизинде, 8 — аймактык стандарттардын негизинде жана 18 — Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук стандарттарынын негизинде иштелип чыгарылат. Мындан тышкары, регионалдык стандартты (EN) эске алуу менен бир мамлекеттер аралык стандартты кайра карап чыгуу белгиленген. 31 мамлекеттер аралык стандарттын жооптуу иштеп чыгуучусу болуп Беларусь, 7 мамлекеттер аралык стандарттын жооптуу иштеп чыгуучусу – Казакстан, 85 мамлекеттер аралык стандартын жооптуу иштеп чыгуучусу – Россия болуп аныкталган.
17 июнундагы 2025 ЕЭК жана АСЕАН керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Владимир Синкевич Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик комитетинин отурумуна катышты. Анын чыгып сүйлөгөн сөзүнүн негизги темасы Евразия экономикалык бирлигинин жана АСЕАНдын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташтыгын өнүктүрүү, санариптик экономиканын заманбап көйгөйлөрүн чечүүгө натыйжалуу мамилелерди калыптандыруу жана рыноктук мамилелердин катышуучулары үчүн ыңгайлуу чөйрөнү камсыз кылуу болду. Владимир Синкевич санариптик технологиялар жана жасалма интеллект менен шартталган рынок чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, бул маселелерди чечүүнүн ийгилиги туруктуу экономикалык өсүштүн жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуунун ачкычы болуп калат. "Биз топтолгон тажрыйба менен бөлүшүүгө, ЕАЭБ жана АСЕАН аймактарында керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча жалпы милдеттерди чечүүгө өбөлгө түзгөн демилгелерди талкуулоого жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин түзүүгө даярбыз", — деп белгиледи Владимир Синкевич. АСЕАНдын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин төрагасы Роннаронг Пхулпипат менен биргеликте Владимир Синкевич 2025-жылдын сентябрына пландаштырылган тармактык семинардын программасын сунуштады. Алдыдагы иш-чара соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн санариптештирүү шартында керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, нысапсыз тажрыйбага каршы туруу жана талаш-тартыштарды чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет. Семинар ЕАЭБ жана АСЕАН мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүн тартат жана тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн платформа түзүүгө мүмкүндүк берет.
17 июнундагы 2025 ЕЭК Коллегиясы кол электр шаймандары үчүн себилдегичтердин айрым түрлөрүнө алымдарды убактылуу нөлгө түшүрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кол электр шаймандарын өндүрүү үчүн себилдегичтердин айрым түрлөрүнө карата ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымдарынын бажы наркынан 0% өлчөмүндө коюмдарын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 8483 40 230 2, 8536 50 800 2 жана 8545 20 000 1). Алымдарды убактылуу нөлгө түшүрүү 2029-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. "Бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ишканалары тарабынан өндүрүлгөн кол электр шаймандарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, мындай өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүүгө, колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөгө, чыгарылган продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана анын ассортиментин кеңейтүүгө, ошондой эле тармакка инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ошол эле учурда ал кол электр шаймандары үчүн зарыл болгон типтүү өлчөмдөрдөгү себилдегичтер ЕАЭБде өндүрүлбөй турганын баса белгиледи. Комиссиясынын бир катар башка актыларына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Көрсөтүлгөн товарларга карата алымдардын нөлдүк чендери 2020-жылдын 5-июнунан 2023-жылдын 30-июнуна чейин кошо алганда колдонулган. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүндө электр шаймандарын даярдоо боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана ички рынокто ата мекендик продукциянын үлүшүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн.  
Дагы көрсөтүү