Жаңылыктар

18.04.2023

Арзыбек Кожошев "Кытай-россиялык өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыгы" форумуна катышты

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 17-апрелде "Кытай-россиялык өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыгы" форумуна катышты.

"Азыркы учурда Кытай Эл Республикасы Бирликтин негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн КЭР менен товар жүгүртүүсү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 200 млрд доллардан ашкан, ал эми ЕАЭБдин тышкы соодасынын жалпы көлөмүндө Кытайдын салыштырмалуу салмагы 23%га чейин өскөн", — деп белгиледи ЕЭК министри.

Арзыбек Кожошев КЭР менен ишти күчөтүүдө мүчө мамлекеттердин аймагында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарында, анын ичинде "Бир алкак, Бир жол" кытай демилгеси менен айкалышуунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ деген пикирин билдирди.

Арзыбек Кожошев ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы темир жол жүк ташууларын санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планынын маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Планда ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда, ал эми андан ары – үчүнчү өлкөлөр, атап айтканда Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу жана транзиттик ташууларда жүктөрдү ташуунун комплекстүү электрондук технологиясына өтүү боюнча иш-чаралар каралган.

Чыгып сүйлөөдө ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүү тематикасы, инвестицияларды тартуу маселелери жана транспорттук-логистикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү ишинде инновациялардын мааниси белгиленди.

Арзыбек Кожошев кытай бизнесинин өкүлдөрүн ташуу ишмердигин Комиссиянын жана Бирлик өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен санариптик бажыны жана санариптик сооданы ишке киргизүү, товарларды маркалоо, товарлардын жана транспорттун көзөмөлдөнүшүн камсыздоо сыяктуу колдоо чаралары менен камсыздоо пландаштырылгандыгын маалымдады.

ЕЭК министри ЕАЭБдин энергетика чөйрөсүндөгү интеграциялык долбоорлору жөнүндө кыскача айтып, биринчи кезекте Бирликтин жалпы энергетикалык ресурстар рынокторунун түзүлүшүнө токтолду. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча иштерге жана аны менен байланышкан декарбонизация процессине, ЕАЭБде биргелешкен төмөн көмүртектүү технологияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Сөзүнүн аягында Арзыбек Кожошев кытайлык тараптын өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын июнь айында Сочиде өтө турган Евразия экономикалык форумуна жана Евразия конгрессине катышууга чакырды.