Жаңылыктар

17.04.2024

Арзыбек Кожошев транспортту туруктуу өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты

Евразия экономикалык бирлигинин транспорт саясатынын негизги багыттары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 17-апрелде Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда (ММЭМИ) "Транспорттук дипломатия жана глобалдык мобилдүүлүктү камсыздоодо туруктуу өнүгүү" тегерек столунда айтып берди.

"Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте интеграциянын перспективалары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында көрсөтүлгөн. Документтин негизги багыттарынын бири — жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү, — деди Арзыбек Кожошев. — Экономикалык прогресске жетишүү, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жалпы милдеттерди чечүүгө, анын ичинде транспорттук саясатты ишке ашыруу, Евразиянын транспорттук коридорлорун макулдашып өнүктүрүү жана Чоң Евразиянын жаңыланган транспорттук-инфраструктуралык каркасын түзүү аркылуу жетишүүгө болот".

ЕЭК министри тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте транспорт тармагын туруктуу өнүктүрүү боюнча ишине жаңы импульс берерин баса белгиледи.

Тегерек стол БУУнун Башкы Ассамблеясынын эгидасы алдында 15-19-апрелде өткөрүлүп жаткан "Туруктуу өнүгүү жумалыгына" арналган. Иш-чарага ЕАЭБдин транспорттук-логистикалык секторунун, бизнес-коомчулугунун жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.