Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 15-ноябрда Москвада өткөн "Интеграция" VI Евразиялык ишкердик форумунда айтып берди.
"ЕАЭБдин технологиялык суверенитети жана өнөр жай кооперациясы: ишке ашыруу механизмдери" пленардык отурумунда сөз сүйлөп жатып, ЕЭК министри күн тартибине "сезимтал темалардын бири коюлганын" белгиледи.
"Албетте, заманбап дүйнөдө технологиялык суверенитет туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү факторуна айланууда. Ошол эле учурда энергетика жана транспорт – экономиканын тармактарын өнүктүрүү үчүн физикалык инфраструктураны гана камсыз кылбастан, тышкы тобокелдиктерден көз карандысыздыкка өбөлгө түзгөн факторлор. Евразиялык интеграциялык байланыштуулук биздин өлкөлөрдүн белгилүү атаандаштык артыкчылыгына айланууда", – деп билдирди Арзыбек Кожошев.
ЕЭК министринин пикири боюнча, эл аралык энергетикалык ландшафттын өзгөрүү шарттарында евразиялык "бешилтик" өлкөлөрү макулдашылган энергетикалык саясатты жүргүзүүсү жана алардын энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү боюнча биргелешкен иши өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
Арзыбек Кожошев ошондой эле "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүүнүн жана Кытай, Иран, БАЭ, Индия жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен бул тематика боюнча кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өркүндөтүү энергоресурстарды жана жабдууларды жеткирүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет, бул технологиялык эгемендүүлүктү камсыз кылууга өбөлгө түзөт", – деп эсептейт Арзыбек Кожошев.