Жаңылыктар

16.05.2024

Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБде бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүүдө илимий-изилдөө уюмдарынын ролу өсүүдө"

ЕАЭБ мейкиндигинде транспорт чөйрөсүндөгү негизги тенденцияларды 15-майда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана россиялык "Автомобиль транспортун илимий-изилдөө институтунун" ("АТИИИ") башкы директору Валерий Машков талкуулашты.

ЕЭК министри бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү жана ЕАЭБде транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү жөнүндө маалымдады. Буга байланыштуу Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырып, ЕАЭБде транспорттун бардык түрлөрү менен эл аралык жүк ташуу чөйрөсүндөгү кырдаалга талдоо жүргүзүүдө.

 Өз кезегинде Россия Федерациясында транспорт чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча бир катар стратегиялык документтерди иштеп чыгуучусу болуп саналган "АТИИИ" башчысы узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Валерий Машковдун пикири боюнча, өз ара иштешүүнү ЕЭКтин профилдик багытынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, транспорт чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелери боюнча ишке ашырууга болот. Мунун баары ЕАЭБде транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүүдө натыйжалуулуктун жогорулашына өбөлгө түзөт.

Арзыбек Кожошев менен Валерий Машков жолугушуунун оң жыйынтыктарын белгилеп, кызматташууну улантууну макулдашышты.

Автомобиль транспортун илимий-изилдөө институту автомобиль транспортун эксплуатациялоо көйгөйлөрү жаатындагы алдыңкы илимий-изилдөө борбору болуп саналат. Алсак, анын иштеп чыгуулардын арасында 2010-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын транспортту өнүктүрүү стратегиясы, 2020-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын транспорттук стратегиясы, 2030-жылга чейинки мезгилге Россия Федерациясынын транспорттук стратегиясы бар.