Жаңылыктар

22.11.2022 (Обновлено: 30.11.2022 09:27)

Арзыбек Кожошев: "Темир жолчулар татаал экономикалык шарттарда глобалдык жеткирүү түйүндөрүнүн туруктуулугун камсыздоону улантууда"

22-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңештин (ТТКК) пленардык отурумунда саламдашуу сөзү менен сүйлөдү. Ал темир жол ташууларын өнүктүрүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде темир жолдордун ортосундагы кызматташууга Трансъевразиялык ташуулар боюнча Эл аралык координациялык кеңештин олуттуу ролун жана салымын баса белгиледи. 

"Темир жолчулар татаал экономикалык шарттарда глобалдык жеткирүү түйүндөрүнүн туруктуулугун камсыздоону улантууда, бул алардын биздин өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген терс таасирин кыйла жеңилдетет", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ошол эле учурда, контейнерлердин жалпы тартыштыгына, чек аралардын толук жабылышына, өз ара эсептешүүлөрдүн токтотулушуна жана башкаларга байланыштуу транспорт тармагындагы көптөгөн терс божомолдор ишке ашкан жок, деп билдирди РТЖ жана ТТКК төрагасы Олег Белозеров.
Пленардык отурумдун катышуучулары ЕАЭБде транспорттук агымдарды өнүктүрүүнүн келечегие кеңири талкуулашты. Атап айтканда, кеп трансъевразылык каттамдар, темир жол жана мультимодалдык ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, порт инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө болду.

Темир жол жана мультимодалдык каттамдарда контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү контекстинде, каттамдардын сервистерин жана географиясын, атап айтканда линиялык контейнердик сервистерди кеңейтүүнүн, электрондук коммерция товарлары үчүн логистикалык чечимдерди киргизүүнүн, ошондой эле темир жол транспорту менен эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын механизмин жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, "ЕЭКтин колдоосу астында акыркы жылдары Комиссиянын, транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын, темир жол администрацияларынын, алдыңкы эл аралык уюмдардын жана институттардын ЕАЭБдин транспорттук комплексинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун келечектүү милдеттерин чечүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган бир катар стратегиялык пландар иштелип чыккан".

Иш чарага катышуу Комиссиянын жана Трансъевразиялык ташуулар боюнча эл аралык координациялык кеңештин 2017-жылдын 18-январындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун, ошондой эле ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин жана ТТКК Катчылыгынын 2021-2022-жылдарга өз ара иштешүүсү боюнча планын ишке ашыруунун алкагында, өз ара иштешүүсү боюнча системалуу ишинин уландысы болуп калды. 

Маалымат

Буга чейин 2022-жылдын 10-ноябрында ЕЭК аянтчасында ТТКК менен биргеликте трансчек аралык ташуулардын абалына жана келечегине арналган тегерек стол ийгиликтүү өткөрүлгөн. Жеткирүүлөрдүн чынжырынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу, чек арадан өтүүнү жеңилдетүү жана чек ара аркылуу ташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга өзгөчө басым жасалган.

Форумда транспорттук чөйрөнүн эң орчундуу маселелери боюнча 30дан ашык презентациялар сунушталды. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, транспорт жана логистика чөйрөсүндө алдыңкы эл аралык уюмдардын, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсү катышышты.