Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов Пекинде (КЭР) өткөн Адилеттүү атаандаштык саясаты боюнча эл аралык форумда чыгып сүйлөп жатып, Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын айтып өттү.
ЕЭК министри Кытай ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү менен чек аралары бар, Евразия экономикалык бирлигинин маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат деп белгиледи.
"2022-жылы Евразия экономикалык бирлигинин Кытай менен товар жүгүртүүсү дээрлик 30%га өскөн. Экспорт болжол менен 40%га, ал эми импорт 20%га көбөйгөн. ЕАЭБдин Кытай менен соодасынын көлөмү 2022-жылы 200 млрд доллардан ашкан. Буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясы менен Кытайдын ортосунда атаандаштык чөйрөсүндө кызматташтыкты арттыруу өтө маанилүү", – деп белгиледи Бахыт Султанов.
ЕЭК министринин пикири боюнча, монополияга каршы ведомстволордун атаандаштык саясатын өнүктүрүү вектору деглобалдаштыруунун жана регионалдаштыруунун таасири астында өзгөрүүдө. Регионалдык интеграциялык бирикмелер көбүрөөк деңгээлде көңүл чордонунда болууда.
Ошондой эле санариптик рыноктордо адилеттүү атаандаштыкты сактоого багытталган оптималдуу инструменттерди табуу боюнча интенсивдүү иштер да уланууда.
"Санариптик чөйрө монополияга каршы агенттиктер үчүн жаңы чакырыкты билдирет. Дүйнөлүк деңгээлде аны жөнгө салуу демилгелери талкууланып жатат. Сунуштар ар түрдүү жана кылдат көңүл бурууну жана дыкат изилдөөнү талап кылат", – деп кошумчалады ЕЭК министри.
Форумдун алкагында Бахыт Султанов КЭРдин Монополияга каршы улуттук бюросунун жетекчиси Гань Линь менен жолугушту.
ЕЭКтин жана Кытайдын монополияга каршы жөнгө салуучусунун өз ара иштешүүсүн талкуулоодо Бахыт Султанов белгилегендей, атаандаштык эрежелерин бузууларды иликтөөлөрдү жана товардык рынокторду изилдөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасын жигердүү алмашууну улантуу зарыл.
"Бүгүнкү күндө Кытайдын атаандаштык мыйзамдарын алдыңкы деп атоого болот. Бул жерде биринчилерден болуп санариптик рыноктордогу IT-гиганттардын ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жөнгө салуу аракети жасалган. Биз бул тажрыйбаны изилдеп, андан кийин, балким, Бирликтин укугуна алдыңкы новеллаларды имплементациялагыбыз келет", — деди Бахыт Султанов.
Жолугушуунун жыйынтыгында Комиссия ушул жылдын октябрь айында өтө турган "Бир алкак – бир жол" программасынын алкагында атаандаштык боюнча окуу курсуна эксперттик деңгээлде катышууга чакыруу алды.
Бүгүнкү күндө ЕЭК менен КЭРдин атаандаштык чөйрөсүндөгү өз ара иштешүүсү 2018-жылы кол коюлган Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу, ошондой эле 2021-жылы кол коюлган Атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен жол-жоболоштурулган. ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү