21-июлда Алматада Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин Казакстандын каржы рыногунун катышуучулары менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Казакстан Республикасынын Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин өкүлү Мадина Абылкасымова, Казакстандын Улуттук Банкынын төрагасынын орун басары Виталий Тутушкин, Казакстандын Финансисттер ассоциациясынын төрагасы Елена Бахмутова, банк жана камсыздандыруу секторлорунун өкүлдөрү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары катышышты.
Бакытжан Сагинтаев кесиптештерин Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин каржы рыноктору чөйрөсүндөгү иши тууралуу маалымдады.
"Каржы рыноктору чөйрөсүндө интеграцияны жүргүзүү негизги милдеттердин бири болуп саналат. Аны чечүү Бирликтин ичинде капиталдын жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуктарсыз кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, инвестициялык жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ар түрдүүлүгүн жогорулатат, – деп белгиледи министр. – Алсак, банк чөйрөсүндө жана камсыздандыруу чөйрөсүндө стандартташтырылган лицензия институтун киргизүүнүн, ал эми баалуу кагаздар рыногу багыты боюнча – жалпы биржа мейкиндигин түзүүнүн үстүнөн иш алып барылууда".
Өз ара соода мамилелеринде улуттук валюталарды колдонууну өнүктүрүү процесстерин талкуулоодо, жолугушуунун катышуучулары интеграциялык процесстердин аркасында улуттук валюталардагы өз ара сооданын үлүшү 70%дан ашкандыгын жана андан аркы өсүш үчүн потенциал бар экендигин белгилешти.
Бакытжан Сагинтаев "улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын стабилдүү өсүшүнө карабастан, мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара соода жана каржы агымдарын көбөйтүү зарыл" деп баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар евразиялык интеграциянын алкагында андан аркы өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө пикир алмашышты.