Жаңылыктар

26.12.2024

Бакытжан Сагинтаев: "Иран менен диалог бир катар багыттар боюнча өнүгүү потенциалына ээ"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-декабрда Санкт-Петербургда Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Бакытжан Сагинтаев Иран Евразия экономикалык бирлигинин маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. 2018-жылдан тартып 2023-жылга чейин ЕАЭБ мамлекеттери менен Ирандын ортосунда Убактылуу соода макулдашуусу колдонулган мезгилде товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге көбөйгөн. 2024-жылдын 10 айында бул көрсөткүч 12,8%га өскөн, Иранга товарлардын экспорту 16%га, импорт – 8%га өскөн.

Өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн тараптар 2023-жылдын декабрында товарлардын 90%на карата алымсыз режимди белгилөөнү караган толук форматтагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

"Жакын арада Иран менен Макулдашуу күчүнө кирет, бул биздин өлкөлөргө товар жүгүртүүнү жана жалпысынан экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу өстүрүүгө мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. — Иран менен диалог бир катар багыттар боюнча өнүгүү потенциалына ээ".

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн эң келечектүү багыттары болуп транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ишканалар ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтүү, АӨК, мунайды кайра иштетүү жана мунай-химия тармактарындагы кызматташтык, илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар саналат деген бир пикирге келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар белгиленген пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга ишенимин билдиришти.