Жаңылыктар

07.06.2024

Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ евразиялык экономикалык интеграциянын жаңы этабынын босогосунда турат"

7-июнда XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев "ЕАЭБдин 10 жылы – натыйжалар, артыкчылыктар, перспективалар" сессиясында сөз сүйлөдү. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өзүнүн баяндамасында мааракелик датага карата Евразия экономикалык бирлиги олуттуу натыйжалар менен келгенин белгиледи.

"ЕАЭБдин ИДӨсүнүн өсүшү 14%дан ашты. Өз ара соода эки эсеге көбөйүп, дээрлик 90 миллиард долларды түздү. Негизги капиталга инвестиция 43%га көбөйүп, 457 млрд долларды түздү", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. 

ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө интеграциялык бирикменин өлкөлөрү экономикалык интеграциянын жаңы этабынын босогосунда турат.

"Орто мөөнөттүү келечекте биздин мамлекеттер ЕАЭБ рыногун негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоого, өндүрүштүк-технологиялык чынжырларды, жаңы деңгээлдеги транспорттук-логистикалык мейкиндикти, каржы рыногун түзүүгө, ошондой эле санариптик трансформация процесстерин күчөтүүгө тийиш", – деп эсептейт Бакытжан Сагинтаев. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы евразиялык "бешилтиктин" эл аралык ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ЕАЭБ экономикалык тартуунун уюлуна айланышы керектигин баса белгиледи. 

Бул милдетти аткаруу үчүн негизги регионалдык интеграциялык бирикмелер менен диалог уланууда, соода макулдашууларынын треги боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Бакытжан Сагинтаев келерки жылы мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча жол картасы даярдаларын билдирди. Бул документ Бирликте 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстердин өнүгүү багытын аныктайт.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ошондой эле Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык отурумуна катышты.