Жаңылыктар

15.03.2024

Бакытжан Сагинтаев: "ЕЭК Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердигин кеңейтүүгө кызыкдар"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 15-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын бекемдөө боюнча инвестициялык ишмердүүлүктүн перспективаларын эске алуу менен ЕЭК жана ЕАӨБдын өз ара иштешүүсү боюнча пикир алмашышты.

Өнөр жай кооперациясын колдоонун жаңы механизмин ишке ашыруу – Комиссиянын бюджетинин эсебинен насыя боюнча пайыздык чендин бөлүгүн субсидиялоо, ошондой эле жаңы транспорттук-логистикалык багыттарды түзүү жана жаңы геосаясий реалдуулуктардын шарттарында евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бакытжан Сагинтаев жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБдин интеграциялык долбоорлору зор потенциалга ээ экендигин белгиледи. Демек, алар керектүү инвестициялар менен бекемделиши керек.

ЕАӨБ, банктын мүчө мамлекеттеринин рынок экономикасын өнүктүрүүгө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө жана соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүүчү институт катары, өзүнүн инвестициялык ишмердигин кеңейтүүнүн эсебинен ЕАЭБ алкагында алдыңкы долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө түзө алмак.

Өз кезегинде Николай Подгузов банк менен ЕЭК Коллегиясынын өз ара иштешүүсү боюнча бир катар сунуштарды белгиледи. ЕЭК жана ЕАӨБ ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум 2013-жылдын 12-ноябрында түзүлгөн.

ЕАӨБдин мүчө мамлекеттери болуп: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан саналат.