Жаңылыктар

11.04.2024

Бакытжан Сагинтаев жана Алексей Дронов Евразия экономикалык комиссиясы менен ЕАЭБ Сотунун өз ара иштешүү маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 11-апрелде ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрагасы Алексей Дронов менен жолугушуу өткөрдү.

Бакытжан Сагинтаев Алексей Дроновду жакында дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызмат ордунда жемиштүү иш каалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин бүткүл спектри боюнча Комиссиянын жана ЕАЭБ Сотунун андан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча толук пикир алмашуу болду.

ЕАЭБдин укугун жана укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүүгө артыкчылыктуу маани берилди.

Тараптар, атап айтканда, Комиссия менен ЕАЭБ сотунун мыйзам чыгаруу жаатында кызматташуусунун, Сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган иштер жөнүндө мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарын маалымдоонун, Бирликтин 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилге "Евразия экономикалык жолу" өнүктүрүү декларациясын биргелешип ишке ашыруунун перспективаларына токтолушту.

Бакытжан Сагинтаев жолугушуунун жүрүшүндө белгилегендей, ЕЭК менен ЕАЭБ Сотунун Бирликтин күн тартибинин алкагында укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча туруктуу өз ара аракеттенүүсү интеграциялык бирикмедеги экономикалык мамилелерге олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу байланыштарды улантууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шартташты.