Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселесин жана ЕАЭБдин жалпы каржы рыногунун келечегин карашты.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жалпы рыноктун максаттары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара сооданы өнүктүрүү, чек ара аралык операцияларды өткөрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, өз ара инвестициялардын өсүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат деп белгиледи.
"ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү капиталды натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыздоого, каржылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты жогорулатууга, өз ара жеткиликтүүлүк боюнча тоскоолдуктарды жоюуга, бизнес жана калк үчүн каржылык өнүмдөргө кеңири жеткилик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инвесторлорду жана каржылык кызматтарды керектөөчүлөрдү коргоону камсыздоого багытталган", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттер менен биргеликте системалуу иш алып барат жана эл аралык макулдашуулардын бүтүндөй комплексин даярдоону жүзөгө ашырат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев менен Тимур Сулейменов жумушчу байланыштарды улантууга жана уюмдар ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө макул болушту.