Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 19-мартта Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө евразиялык интеграциянын күн тартибиндеги бир катар маселелерди карап чыгышты.
Жолугушуунун башында Бакытжан Сагинтаев Владимир Путинди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, Россиянын мындан аркы ар тараптуу динамикалуу өнүгүүсүнүн жана учурдагы чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Россиянын Президенти өз кезегинде Бакытжан Сагинтаевди ЕЭКтин башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады жана ага жемиштүү иш каалады.
Бакытжан Сагинтаев интеграциялык бирикменин 10 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн негизги жетишкендиктери жөнүндө маалымат берди. Тактап айтканда, мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы дээрлик эки эсеге, ал эми тышкы соода 60%га өскөндүгү белгиленди. Евразия экономикалык бирлигинин ИДӨсү өткөн жылдын ичинде эле 3,8%га өсүп, 2,4 триллион долларга жеткен. Көпчүлүк макроэкономикалык көрсөткүчтөр өсүштү көрсөтүүдө.
Тараптар Комиссиянын мындан аркы ишмердигинин негизги милдеттерин талкуулашты. Евразия экономикалык бирлигин орто мөөнөттүү (2030-жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (2045-жылга чейин) өнүктүрүүнүн жаңы стратегиялык документин – "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттардын бири болот. Бакытжан Сагинтаев бирикменин мамлекеттери менен стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу планын талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөр башталганын маалымдады.
Бирликти өнүктүрүүнүн жана Комиссиянын ишинин маанилүү перспективаларынын арасында экономиканы санариптештирүү да белгиленди. Тараптар санариптик технологиялар жана тиешелүү реформаларды жүргүзүү экономикалык кырдаалды сапаттык жактан өзгөртүүгө жардам берет деген бир пикирде. Башка негизги багыттардын катарында – кызматташтык байланыштарын өнүктүрүү жана кошумча нарктын аймактык чынжырларын калыптандыруу, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы жакшыртуу, бажы контролу жагынан тобокелдиктерди башкаруунун бирдиктүү натыйжалуу тутумун түзүү каралган.
Жолугушуунун жүрүшүндө евразиялык “бешилтиктин” жана үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык аренада ЕАЭБдин позициясын бекемдөө маселеси боюнча да кеңири пикир алмашуу болду. Бул контекстте алдыңкы регионалдык ассоциациялар - ШКУ, АСЕАН, Африка бирлиги, БРИКС, Тынч океан альянсы, Анд коомдоштугу, БУУнун профилдик түзүмдөрү жана Уюмдун өзү, ошондой эле Кытай, Иран, Вьетнам, Сербия, Индонезия, Сауд Арабиясы, Египет, БАЭ сыяктуу өлкөлөр жана башка бир катар өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп саналат.
2024-жылы Евразия экономикалык бирлиги ишмердигинин он жылдыгын белгилейт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ЕАЭБдин мааракелик саммитин 8-майда Москвада өткөрүүнү макулдашышты.