Жаңылыктар

25.11.2022 (Обновлено: 01.12.2022 09:58)

Бакытжан Сагинтаев: “Жаңы экономикалык чындык Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүү милдетин күчөтөт"

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев куттуктоо сөзүндө Евразия кызматташтыгы боюнча каржы-ишкердик ассоциациясы жыл сайын өткөрүүчү Москва эл аралык каржылык-экономикалык форумунун IX пленардык жыйындын катышуучуларына Евразия экономикалык комиссиясынын экономикалык өнүгүү жана каржы саясаты жаатындагы учурдагы иш багыттары тууралуу айтып берди. Быйыл форумга 50 ашуун өлкөнүн бизнес өкүлдөрү катышты.


  Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, экономиканын туруктуулугуна таасир этүүчү көп тараптуу механизмдердин алсыздануу шартында кызмат көрсөтүү жана инвестициялык соода чөйрөсүндө эркиндикти камсыздоо негизги фактор болуп саналат.

«Жаңы экономикалык чындык Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүү милдетин күчөтөт. Ал катышуучулардын жалпы кызыкчылыктарынын жана өз ара технологиялык, логистикалык жана инфраструктуралык сунуштардын негизинде өзүнчө субрегионалдык блоктордон түзүлөт», - деп баса белгиледи ЕЭК Министри.

Анын айтымында, аймактык кызматташтыктын туруктуу инфраструктурасын түзүү үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын байланышын жогорулатуу зарыл. «Маанилүү шарт болуп жогорку кошумча нарк менен товарларды өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн негиз боло турган өнөр жай жана технологиялык кооперацияны кеңейтүү эсептелет», - деди Бакытжан Сагинтаев. – Ал эми транспорттук долбоорлорду бирге ишке ашыруу транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана жаңы логистикалык чынжырларды курат. Албетте, инвестициялык жана инновациялык консорциумдарды түзүү, интеграциялык натыйжалуулугу жогору инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу актуалдуу болуп саналат”.


ЕЭК Министри белгилегендей, Европа Бирлиги, ШКУ, АСЕАН жана башка негизги аймактык экономикалык бирикмелер менен улуттар аралык жана өлкө деңгээлинде тутумдуу диалогду куруу эл аралык ишмердиктин артыкчылыктуу багыты бойдон калууда. Мындан тышкары, Комиссия Бирликтин байкоочу мамлекеттери жана ЕЭК менен меморандум түзгөн өлкөлөр менен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган.