Жаңылыктар

13.06.2024

Бакытжан Сагинтаев: "Биздин алдыбызда турган милдет – Куба менен диалогду жаңы өз ара иштешүү багыттары менен толтуруу"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 13-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы соода жана чет өлкөлүк инвестициялар министри Рикардо Руис Кабрисас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар интеграциялык өз ара аракеттенүү күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектрин талкуулашты.

"Куба Республикасы Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин регионунда ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Ошол эле учурда өлкө биздин кызматташтыкты кеңейтүүгө күч-аракетин жумшоодо", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Тараптар Комиссиянын жана Куба Республикасынын Өкмөтүнүн Биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында өз ара аракеттенишет, анда кызматташтыктын 34 багыты камтылган, анын ичинде соода, банк иши, финансы, биотехнологиялар, айыл чарбасы, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар бар. ЕАЭБдин Куба менен товар жүгүртүүсү 2023-жылы 290 миллион долларды түзгөн.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы билдиргендей, азыркы учурда Комиссия интеграциялык бирикменин өлкөлөрү менен биргеликте байкоочу мамлекеттердин ЕАЭБ алкагында айрым келишимдерге кошулуу, ошондой эле алардын конкреттүү кооперациялык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууда.

Тараптардын пикири боюнча, ишкерлердин диалогун тереңдетүү маанилүү. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү интенсификациялоого ЕАЭБ Ишкер кеңеши менен Кубанын Соода палатасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу өбөлгө түзөт.