Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченкону туулган күнү менен куттуктады.
"Сиз Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыз", – деп айтылат куттуктоо катында.
Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Роман Головченкого чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.