Жаңылыктар

16.11.2023

Бакытжан Сагинтаев эл аралык биржалык форумдун ишине катышты

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев 16-ноябрда Алматыда XI Казакстандын финансисттер конгрессинин алкагында "Казакстан фондулук биржасы" АК тарабынан уюштурулган "Финансы рынокторун трансформациялоодо биржалардын ролу" эл аралык биржалык форумунун ишине катышты.

Пленардык дискуссиянын жүрүшүндө Форумдун катышуучулары капитал рынокторун жана биржалык бизнести өнүктүрүүнүн заманбап тренддерин жана перспективаларын карап чыгышты.

Панелдик дискуссияларды өткөрүүдө финансы рыногундагы санариптик трансформациянын чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууну уюштуруу, IPO жүргүзүү жана чекене инвесторлорду тартуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларынын көңүл борборунда жаңы инструменттерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү тематикасы, ошондой эле финансы рыногундагы ESG-күн тартиби болду.

Форумдун талааларында Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык бирлигинин жалпы биржалык мейкиндигин түзүү, баалуу кагаздарды, брокерлерди жана дилерлерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржаларына өз ара киргизүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.