Жаңылыктар

25.04.2024

Бакытжан Сагинтаев: "Ишкердик чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү евразиялык интеграциянын башкы артыкчылыгы болуп саналат"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 25-апрелде Москвада Россиялык өнөр жайчылардын жана ишкерлердин бирлигинин (РӨИБ) съездине катышты. 

Иш-чаранын катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө, Бакытжан Сагинтаев евразиялык интеграциянын артыкчылыктуу багытын иш жүзүндө жүзөгө ашырууда – Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда диалог түзүүдө РӨИБнын маанилүү ролун белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өз сөзүндө ЕАЭБде ишкердикти өбөлгөлөөгө карата мамилелерге басым жасады.

Атап айтканда, Бакытжан Сагинтаев Комиссиянын биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн ишкер-коомдоштугу менен өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы форматтары жөнүндө билдирди.

ЕАЭБ мейкиндигинде ишкер климатты жакшыртуу үчүн улуттуктан жогорку жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына таасирине баа берүү жүргүзүлүүдө, келишимдик-укуктук база дайыма өркүндөтүлүүдө, өз ара соодада тоскоолдуктар четтетилүүдө.

ЕАЭБ мейкиндигинде ишкердик жигердүүлүктүн өсүшүнө өбөлгө түзүүчү механизмдер жөнүндө айтып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоого кеңири токтолду. Бул максаттарга быйыл 1,8 миллиард рублга жакын каражат бөлүнгөн.

Бакытжан Сагинтаев бизнес-коомчулукту бул программага жигердүү кошулууга чакырып, алдыңкы эл аралык стандарттарга ылайык келген атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны чыгаруу үчүн, тыгыз кооперациялык байланыштарды жолго коюу тездетилген технологиялык өнүгүүгө жана дүйнөлүк аренада ЕАЭБдин позициясын күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. "Комиссиянын иши жалпысынан биздин өлкөлөрдүн ишкерлери тарабынан ЕАЭБдин интеграциялык потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Биз бизнес менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деп жыйынтыктады Бакытжан Сагинтаев.