Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 4-июлда Астанада Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) башкы катчысы Хусрав Нозири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык өз ара аракеттешүүнүн бир катар маселелерин карап чыгып, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ менен ЭКУнун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын окшоштугун белгиледи. Буга байланыштуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы тараптардын евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди айкалыштыруу, анын ичинде транспорттук-логистикалык инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерди либералдаштыруу, санариптештирүү жана энергоресурстар чөйрөсүндө кызматташуу боюнча потенциалын колдонууну сунуштады.
"Ар кандай интеграциялык процесстердин айкалышуусу эл аралык бирикмелердин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын потенциалын кошумча ачууга өбөлгө түзөт. ЕАЭБ жана ЭКУ биргелешкен милдеттерди чечүү үчүн туруктуу диалогду түзүшү керек", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.Өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдү тактоо үчүн тараптар ЕЭК менен ЭКУ Катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы тажрыйба алмашуунун ар кандай формаларын белгилөө эки интеграциялык бирикменин өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө багытталган күч-аракеттерди координациялоого өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Мындан тышкары, Бакытжан Сагинтаев Хусрав Нозирини ушул жылдын күзүндө Ереванда өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Ага он өлкө кирет: Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан. ЭКУнун ишин координациялоону ЭКУ Катчылыгы жүзөгө ашырат.