Жаңылыктар

03.06.2024

Бакытжан Сагинтаев: "ЕЭК менен ЕАЭБ Сотунун укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча өз ара иштешүүсү Бирликтеги экономикалык мамилелерге олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн"

3-июнда Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрагасы Алексей Дронов менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө учурдагы өз ара аракеттенүү маселелери жана тараптардын кызматташтыгынын перспективалары боюнча дыкат пикир алмашуу болду.

Бакытжан Сагинтаев белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ Сотунун ишмердиги евразиялык интеграциялык процесстердин маанилүү элементи болуп саналат. ЕЭК менен ЕАЭБ Сотунун Бирликтин күн тартибинин алкагында укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча туруктуу өз ара аракеттенүүсү интеграциялык бирикмедеги экономикалык мамилелерге олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Өз кезегинде Алексей Дронов ЕАЭБ Соту Комиссия менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштөөгө жана мүчө мамлекеттер жана Бирликтин органдары тарабынан улуттуктан жогорку мыйзамдарды бир түрдүү колдонууну камсыз кылууга даяр экендигин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тараптар практикалык кызматташууну улантууну макулдашышты.