Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын июнь айынын аягына карата 1 026,6 миң адамды түзүп, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 34%га кыскарган.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 1,1%ын түзөт. 2021-жылда бул көрсөткүч 1,7% түзгөн.
ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.