Жаңылыктар

11.07.2022

2022-жылдын майында ЕАЭБде жумушсуздук 41,1%га кыскарды

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын май айынын аягына карата 1 017,5 миң адамды түзүп, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 41,1%га кыскарган.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 1,1%ын түзөт. 2021-жылда бул көрсөткүч 1,9% түзгөн. 

ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.