Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү 17-августта болуп өткөн кеңешмеде биржа аянтчаларынын операторлору менен ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүүнүн алкагында биржалык тооруктарды жүргүзүү тартибин талкуулашты.
"Документ жогорку даярдык даражасында турат. Бир нече жөнгө салынбаган маселе гана калды", – деп ЕЭКтин энергетика департаментинин директору Вадим Закревский баса белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар мүчө мамлекеттер үчүн принципиалдуу болуп саналган, соода сессияларын жалпы жана ички рыноктор үчүн бөлүү маселесин карап чыгышты, клирингди ишке ашыруу, тооруктардын катышуучуларын лицензиялоо жана биржа товарынын баасынын валютасы маселелерин талкуулашты.
"Биржалык сооданы жалпы газ рыногундагы рыноктук баа түзүү механизмдеринин бири катары пайдалануу болжолдонууда", – деп белгиледи Вадим Закревский.
Маалымат
ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүүнүн алкагында биржалык тооруктарды жүргүзүү тартиби Бирликтин жалпы газ рыногунун иштеп баштоосу үчүн ченемдик базанын пакетине кирет, анда Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишим эң негизги документ болуп саналат. Биржалык тооруктардын тартиби анын жардамында Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн биринчи баскычында жалпы рынок шарттарында газ менен соода жүргүзүүнү либералдаштыруу үчүн механизмдерди машыктыруу пландаштырылган моделдик долбоор катары каралууда. Биржалык соода жүргүзүү тартиби Бирликтин жалпы газ рыногунда газ менен соода жүргүзүү эрежелери күчүнө киргенге чейин аракеттенет, аларды 2023-жылда иштеп чыгуу жана кабыл алуу пландаштырылууда.