Жаңылыктар

06.06.2022

Петербург эл аралык экономикалык форуму-2022де "ЕАЭБ-АСЕАН" бизнес-диалогу өтөт

16-июнь, 11:00–12:15

Россиянын жана анын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн АСЕАН өлкөлөрү менен соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүсүнүн күн тартиби план ченемдүү түрдө кеңейүүдө, бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясы менен АСЕАНдын Катчылыгынын ортосунда 2025-жылга чейин кабыл алынган кызматташуу программасы далилдеп турат.

Эки бирикменин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын катарында туруктуу өнүгүүнүн аспектилерин, экологиялык жана климаттык долбоорлорду ишке ашырууну, өнөр жай кооперациясын, экономиканын санариптик трансформациялоо процесстерин жана циркуляциялык экономиканы бөлүп көрсөтүү зарыл. Ошону менен бирге 2022-жылы жарыяланган, Россия менен АСЕАН ортосунда илимий-техникалык кызматташтык жылынын алкагында ишке ашырылган демилгелер бул кызматташтыкты колдоонун натыйжалуу куралдары боло алат.

Талкуулоо үчүн маселелер:

·         Илимий-техникалык кызматташтыкты күчөтүү жана ЕАЭБ менен АСЕАНдын жогорку технологиялык ишканаларынын ортосунда өнөр жай кооперациясын жөнгө салуу үчүн кандай институционалдык чечимдерди кабыл алуу керек?

·         Улуттук экономикалардын аз көмүртектүү булактарга энергиялык өтүүсү кандай болушу мүмкүн?

·         Биргелешкен экологиялык, жаратылышты сактоо жана климаттык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү кандай?

·         Улуттук санариптик күн тартиптерди шайкеш келтирүүнүн келечеги барбы?

·         Санариптик инфраструктураны түзүү жаатындагы кандай тажрыйбалар евразиялык жана асеандык бизнес үчүн пайдалуу болушу мүмкүн?

Сессияга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев катышат.

Спикерлердин актуалдуу тизмеси ПЭЭФтин расмий сайтында келтирилген.