Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жумуштуулук кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2024-жылдын май айынын аягына карата 813,8 миң адамды түзүп, 2023-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 13,8%га кыскарган.
Эл аралык эмгек уюмунун методологиясына ылайык, 2024-жылдын 1-чейрегинде ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли Евразия экономикалык комиссиясынын баалоосу боюнча жумушчу күчүнүн санынын 3,2%, анын ичинде Арменияда – 15,5%, Беларуста – 3,3%, Казакстанда – 4,7%, Кыргызстанда – 4,9% (2022-жыл), Россияда-2,8% түздү.
Бул тема боюнча кеңири маалымат ЕЭКтин статистика департаментинин барагынын "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө берилген.