Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
13 мартындагы 2025
Эльдар Алишеров: "Евразия экономикалык интеграциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн байкалаарлык өсүшүн камсыз кылат"
Евразия экономикалык бирлигинин он жылдык ишинде жетишилген евразия экономикалык интеграциясынын жетишкендиктери жөнүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров "ЕАЭБ: Евразиядагы эң ири интеграциялык бирикменин иштешине 10 жыл" онлайн-конференциясында айтып берди. ЕЭК министри ЕАЭБде 2030- жана 2045-жылдарга чейин экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу үчүн кабыл алынуучу чараларга басым жасады жана өнөктөштөр менен тышкы тректе өз ара иштешүүнүн оптималдуу форматтарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көңүл бурду. Эльдар Алишеров белгилеп өткөндөй, евразия экономикалык интеграциясы евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн байкалаарлык өсүшүн камсыз кылуу менен экономикага күчтүү турукташтыруучу жана дем берүүчү таасирин тийгизет. "Региондогу сооданын, транспорттук-логистикалык каттамдардын, эмгек миграциясынын жана финансылык агымдардын жаңы конфигурациясы жигердүү экономикалык саясат менен катар ЕАЭБде жигердүү экономикалык өсүш үчүн түрткү болду, — деди Эльдар Алишеров. — ЕЭКтин баалоосу боюнча, ЕАЭБде ИДӨнүн физикалык көлөмүнүн индекси 2014-жылга карата 2024-жылы 117,6%ды түзгөн. Айрым мүчө мамлекеттер боюнча ИДӨнүн өсүшү кыйла олуттуу болду, мисалы, Арменияда – 1,6 эсе, Кыргызстанда – 1,6 эсе, Казакстанда – 1,3 эсе". ЕЭК министри ЕАЭБдеги өз ара жана тышкы сооданын статистикалык көрсөткүчтөрүнө да көңүл бурду. Объективдүү маалыматтар мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода көлөмдөрүнүн олуттуу жогорулагандыгын, ошондой эле тышкы экономикалык активдүүлүктүн өсүшүн күбөлөндүрөт. "ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүндө өз ара соода жүгүртүүнүн үлүшүнүн өсүшү 2024-жылы 19,8%га чейин өскөн, ал эми 2015-жылы 13,5% болгон, — деди ЕЭК министри. — Бирликте товарлардын өз ара соодасынын көлөмү 2015-жылдан тартып эки эсеге өсүп, 2024-жылы дээрлик 100 млрд АКШ долларына жеткен". ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча блогунун башчысы бүгүнкү күнгө карата ЕАЭБ дүйнөлүк экономикалык архитектуранын маанилүү элементи катары калыптанганына ишенет. "Негизги өнөктөштөрдү камтыган жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында диалогду комплекстүү жүргүзүүгө, экономикалык мамилелердин дүйнөлүк архитектурасына ЕАЭБди киргизүү, экспорттун географиясын жана көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды тартуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берген ийкемдүү инфраструктура түзүлгөн", — деп белгиледи ал. Комиссия тарабынан универсалдуу жана профилдик эл аралык уюмдар менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө 46 меморандум, регионалдык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен 14 меморандум, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, министрликтери менен кызматташуу жөнүндө 30 меморандум түзүлгөн. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн (Вьетнам, Иран, КЭР жана Сербия) ортосунда төрт соода келишими иштейт. Азыркы учурда БАЭ, Индонезия жана Монголия менен соода режимдерин либералдаштыруу жөнүндө макулдашууларга жетишүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бирлик менен диалогго жогорку кызыгууну Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү да көрсөтүүдө. АСЕАН менен, ошондой эле бул региондун өлкөлөрү менен эки тараптуу негизде мамилелер жигердүү өнүгүүдө. "Жакынкы өнөктөштөр – КМШ, ШКУ, БРИКС, АСЕАН өлкөлөрү менен мамилелер артыкчылыктуу бойдон калууда. Геоэкономиканын татаалдыгына карабастан, Бирликтин жаңы өнөктөштөрүнүн саны көбөйүүдө", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Бирлик соода келишимдерин түзгөн же байкоочу статусун берген, ал эми Комиссия өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдарга кол койгон үчүнчү өлкөлөрдүн жана экономикалык интеграциянын региондук бирикмелеринин ИДӨсү 71,9 трлн АКШ долларын (Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) же дүйнөлүк ИДӨнүн 49,9%ын түзөт. Бул өлкөлөрдүн калкы 4,3 миллиард адамга жетет же дүйнө калкынын 53,5%ын түзөт.
13 мартындагы 2025
ЕЭК жана Өзбекстан Республикасы соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун төртүнчү отурумунун жүрүшүндө өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Жолугушуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаевдин төрагалыгы астында 13-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында өттү. "ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өзүнүн масштабы боюнча да, товарлардын номенклатурасынын кеңдиги боюнча да стратегиялык мүнөздө жана туруктуу оң динамикага ээ. Өзбекстан Республикасы КМШ өлкөлөрүнөн Бирликтин соода өнөктөштөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Өзбекстан ЕАЭБдин КМШ өлкөлөрү менен соодасынын нарктык көлөмүнүн дээрлик жарымын түзөт. Биздин соода ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Өзбекстан Республикасынын экономикаларынын өз ара толуктоочу мүнөзүн чагылдырат", – деп белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров. Өз кезегинде Хуррам Тешабаев ЕАЭБ менен бизнес-диалогго дем берүү үчүн натыйжалуу аянтчалар түзүлгөнүн, өнөр жай операциясы жана инфраструктура жаатында жүздөгөн ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Өзбекстан ЕАЭБ эгидасы астында өткөрүлгөн өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык отурумдарга, экономикалык форумдарга жана көргөзмөлөргө, жогорку деңгээлдеги консультацияларга жана жолугушууларга системалуу түрдө катышып келет. Эльдар Алишеровдун айтымында, ЕАЭБ менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу багыттары 2024-жылдын октябрында кол коюлган Евразия экономикалык комиссиясы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планында өнүгүүгө ээ болду. Отурумдун жүрүшүндө тараптар транспорт чөйрөсүн санариптештирүү, өз ара соода жүргүзүүдө логистикалык каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ЕАЭБ жана Өзбекстандын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуу каражаттары жөнүндө маалымат алмашууну уюштурууга мүмкүн болгон ыкмаларды иштеп чыгуу, ошондой эле атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуу маселелерин талкуулашты. Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин "Евразия агроэкспресс" биргелешкен долбоорун Өзбекстан багытында айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү жеткирүүнүн транспорттук-логистикалык чынжырчаларын өнүктүрүү, анын ичинде продукцияны өз ара жеткирүү үчүн жаңы логистикалык каттамдарды иштеп чыгуу үчүн ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБ менен Өзбекстандын ортосунда дары-дармек препараттарын идентификациялоо каражаттарын өз ара таанууну камсыз кылуу, өзбек компанияларынын өнөр жайда жана АӨКтө биргелешкен кооперациялык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга даярдыгын билдиришти. Ошондой эле 2025-жылдын мартында ЕАЭБ – Өзбекстан бажы транзитинин бирдиктүү тутумун түзүү маселелери боюнча кезектеги консультацияларды өткөрүү жөнүндө Өзбекстандын сунушу колдоого алынган. Тараптар ЕАЭБ Ишкер кеңешинин жана Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын 2025-жылдын апрелинде биргелешкен бизнес-диалог өткөрүү демилгесине макул болушту. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча биргелешкен жумушчу топтун бешинчи отурумун 2026-жылы Өзбекстанда өткөрүү макулдашылды.
06 сентябрындагы 2024
30-сентябрь — 1-октябрда Ереванда III Евразия экономикалык форуму өтөт
Евразия экономикалык форумунун быйылкы жылдагы негизги темасы – "ЕАЭБдин 10 жылдыгы: перспективалар жана артыкчылыктар". Форумдун катышуучулары Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү, ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташтык, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, ошондой эле эл аралык кызматташтык сыяктуу экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашат. Форумдун иштиктүү бөлүгүнүн сессияларынын тематикасы евразиялык "бешилтиктин" күн тартибиндеги актуалдуу жана биргелешкен көңүл бурууну талап кылган маселелердин чечимдерин издөөгө багытталат. Форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна арналган жана анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрүнүн, ири, орто жана чакан бизнестин жетекчилеринин, Бирликтин алкагында өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу каралат. Иш-чара 2024-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Армения Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлмөкчү. Иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты ЕЭФ расмий сайтынан табууга болот
13 мартындагы 2024
БУУ аянтчасында ТӨМгө жетишүүдө регионалдык интеграциянын салымы талкууланды
БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибинин регионалдык ченеминин маанилүүлүгү жана регионалдык интеграциялык бирикмелердин Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдөгү салымы "ТӨМгө жетишүүдө регионалдык интеграциянын ролу: ЕАЭБ жана башка түзүмдөр" сайд-ивентинин жүрүшүндө талкууланды. Иш-чараны Евразия экономикалык комиссиясы 12-мартта БУУ ЕЭКтин Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форумунун алкагында видео-конференц-байланыш форматында уюштурду. Ачылышка Россия Федерациясынын БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Сергей Васильев жана Армения Республикасынын БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы Амбик Минасян катышышты. Негизги баяндамачы ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев болду, ал эми дискуссиянын модератору катары "Валдай" клубунун программалык директору, ММЭМИнин Европа институтунун илимий жетекчиси Олег Барабанов иш алып барды. "Евразия экономикалык интеграциясы ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт жана ТӨМгө жетишүүгө өбөлгө түзүүчү кошумча фактор болуп саналат, – деп белгиледи Сергей Глазьев.– ЕАЭБ өлкөлөрү бул максаттарды жана милдеттерди өздөрүнүн улуттук программалык документтерине, стратегияларына жана өнүгүү концепцияларына киргизүү менен ТӨМгө жетишүү боюнча ийгиликтүү кадамдарды жасашууда". Сергей Глазьев ТӨМдүн бир катар көрсөткүчтөрү боюнча Евразия регионундагы прогресс, анын ичинде ЕАЭБ экономикалык интеграциялык күн тартибин бара-бара өнүктүрүүнүн жана спорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндө экономикалык өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерине көңүл буруунун эсебинен болуп жаткан прогресс жөнүндө айтып берди. "ЕАЭБдин экономикалык-технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке ээ болгон жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн калктын бакубаттуулугунун жогорку деңгээлин колдогон өзүн-өзү камсыздоочу, гармониялуу өнүккөн жана жагымдуу макрорегион болууга умтулуусу Күн тартиби-2030 менен олуттуу деңгээлде дал келет", — деп баса белгиледи Сергей Глазьев. ЕЭК министри ТӨМ 1 "Жакырчылыкты жоюу" жана ТӨМ 2 "Ачкачылыкты жоюу" ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду жана ЕАЭБ мамлекеттеринен тышкы рынокторго азык-түлүктүн, биринчи кезекте буудайдын жана ундун, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин экспорту салттуу түрдө ЕАЭБ экономикасынын күчтүү жагы болуп саналарын, ал эми Бирлик өлкөлөрүнүн өндүрүштүк жана ресурстук потенциалы жүз миллиондогон адамдарды азык-түлүк менен камсыз кылууга жөндөмдүү экенин белгиледи. Сергей Глазьев баса белгилеп өткөндөй, БУУ тарабынан белгиленген, глобалдык деңгээлде бир катар ТӨМ боюнча прогресстин жетишсиз деңгээли көбүнесе олуттуу реформаны талап кылган, түптөлгөн дүйнөлүк валюталык-каржылык тутумдун жеткилеңсиздиги менен шартталган. ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов ЕАЭБде жашыл технологиялар жана жашыл экономика принциптери чөйрөсүндө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо менен ТӨМгө жетишүүдө ЕАЭБдин салымы жөнүндө кененирээк айтып берди. ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Каныбек Касымали уулу ТӨМдүн жана ЕАЭБдин климаттык күн тартибинин өз ара байланышына токтолду. Ошондой эле өз көз караштарын БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин (АӨИЧК) менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) өкүлдөрү билдиришти. Маалымат БУУ ЕЭКтин Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форуму – тажрыйба алмашуу жана ТӨМгө жетишүү боюнча чечимдерди талкуулоо үчүн Европа регионунда жыл сайын өтүүчү иш-чара. БУУнун Туруктуу өнүгүү күн тартиби 17 максатты жана 169 милдетти камтыйт, алар комплекстүү мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн үч компонентинин – экономикалык өсүштүн, социалдык интеграциянын жана экологиялык туруктуулуктун тең салмактуулугун камсыз кылат. 2022-жылдын аягында ЕЭК "Евразия экономикалык бирлигинин аймагында туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүү" жыйнагын жарыялаган. Жыйнакта Евразия экономикалык бирлигинде 2017-2021-жылдар үчүн ТӨМдүн регионалдык тизмесинин көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча статистикалык маалыматтар көрсөтүлгөн. Регионалдык тизмекке 130 индикатор, анын ичинде глобалдык деңгээлде мониторинг жүргүзүү үчүн сунушталган 63 индикатор, ошондой эле ЕАЭБде өнүгүүнүн артыкчылыктарын чагылдырган 67 индикатор кирген.
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө