Жаңылыктар

13.03.2025

Эльдар Алишеров: "Евразия экономикалык интеграциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн байкалаарлык өсүшүн камсыз кылат"

Евразия экономикалык бирлигинин он жылдык ишинде жетишилген евразия экономикалык интеграциясынын жетишкендиктери жөнүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров "ЕАЭБ: Евразиядагы эң ири интеграциялык бирикменин иштешине 10 жыл" онлайн-конференциясында айтып берди. ЕЭК министри ЕАЭБде 2030- жана 2045-жылдарга чейин экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу үчүн кабыл алынуучу чараларга басым жасады жана өнөктөштөр менен тышкы тректе өз ара иштешүүнүн оптималдуу форматтарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Эльдар Алишеров белгилеп өткөндөй, евразия экономикалык интеграциясы евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн байкалаарлык өсүшүн камсыз кылуу менен экономикага күчтүү турукташтыруучу жана дем берүүчү таасирин тийгизет.

"Региондогу сооданын, транспорттук-логистикалык каттамдардын, эмгек миграциясынын жана финансылык агымдардын жаңы конфигурациясы жигердүү экономикалык саясат менен катар ЕАЭБде жигердүү экономикалык өсүш үчүн түрткү болду, — деди Эльдар Алишеров. — ЕЭКтин баалоосу боюнча, ЕАЭБде ИДӨнүн физикалык көлөмүнүн индекси 2014-жылга карата 2024-жылы 117,6%ды түзгөн. Айрым мүчө мамлекеттер боюнча ИДӨнүн өсүшү кыйла олуттуу болду, мисалы, Арменияда – 1,6 эсе, Кыргызстанда – 1,6 эсе, Казакстанда – 1,3 эсе".

ЕЭК министри ЕАЭБдеги өз ара жана тышкы сооданын статистикалык көрсөткүчтөрүнө да көңүл бурду. Объективдүү маалыматтар мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода көлөмдөрүнүн олуттуу жогорулагандыгын, ошондой эле тышкы экономикалык активдүүлүктүн өсүшүн күбөлөндүрөт. "ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүндө өз ара соода жүгүртүүнүн үлүшүнүн өсүшү 2024-жылы 19,8%га чейин өскөн, ал эми 2015-жылы 13,5% болгон, — деди ЕЭК министри. — Бирликте товарлардын өз ара соодасынын көлөмү 2015-жылдан тартып эки эсеге өсүп, 2024-жылы дээрлик 100 млрд АКШ долларына жеткен".

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча блогунун башчысы бүгүнкү күнгө карата ЕАЭБ дүйнөлүк экономикалык архитектуранын маанилүү элементи катары калыптанганына ишенет. "Негизги өнөктөштөрдү камтыган жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында диалогду комплекстүү жүргүзүүгө, экономикалык мамилелердин дүйнөлүк архитектурасына ЕАЭБди киргизүү, экспорттун географиясын жана көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды тартуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берген ийкемдүү инфраструктура түзүлгөн", — деп белгиледи ал.

Комиссия тарабынан универсалдуу жана профилдик эл аралык уюмдар менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө 46 меморандум, регионалдык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен 14 меморандум, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, министрликтери менен кызматташуу жөнүндө 30 меморандум түзүлгөн. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн (Вьетнам, Иран, КЭР жана Сербия) ортосунда төрт соода келишими иштейт.

Азыркы учурда БАЭ, Индонезия жана Монголия менен соода режимдерин либералдаштыруу жөнүндө макулдашууларга жетишүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бирлик менен диалогго жогорку кызыгууну Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү да көрсөтүүдө. АСЕАН менен, ошондой эле бул региондун өлкөлөрү менен эки тараптуу негизде мамилелер жигердүү өнүгүүдө.

"Жакынкы өнөктөштөр – КМШ, ШКУ, БРИКС, АСЕАН өлкөлөрү менен мамилелер артыкчылыктуу бойдон калууда. Геоэкономиканын татаалдыгына карабастан, Бирликтин жаңы өнөктөштөрүнүн саны көбөйүүдө", – деп белгиледи Эльдар Алишеров.

Бирлик соода келишимдерин түзгөн же байкоочу статусун берген, ал эми Комиссия өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдарга кол койгон үчүнчү өлкөлөрдүн жана экономикалык интеграциянын региондук бирикмелеринин ИДӨсү 71,9 трлн АКШ долларын (Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) же дүйнөлүк ИДӨнүн 49,9%ын түзөт. Бул өлкөлөрдүн калкы 4,3 миллиард адамга жетет же дүйнө калкынын 53,5%ын түзөт.