Жаңылыктар

30.03.2023

Жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракети 2023-жылдын 1-октябрына чейин узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 30-мартындагы отурумунда жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн 1000 еврого чейинки босогосунун аракетин 2023-жылдын 1-октябрына чейин узартуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Комиссиянын Кеңеши ташуучулар же почта аркылуу ташылган, ошондой эле аба же жөө тартипте ташуудан башка, транспорттун бардык түрлөрү менен ташылып келген товарлар үчүн алымсыз алып келүүлөрдүн босогосун 1000 еврого чейин көтөргөн. Мындай босого убактылуу негизде ушул жылдын 1-апрелине чейин белгиленген.

Аталган чараны узартуу санкциялык басымдар орун алган шарттарда жарандарды колдоого жана зарыл товарлардын жана кескин керектүү импорттун тартыштыгынан качууга мүмкүндүк берет.