Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан электрондук санариптик кол тамгаларды (ЭСК) өз ара таануу жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары 20-ноябрда Астанада талкуулашты.
Иш-чара ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы астында өттү. Ошондой эле отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктарга ээ болгон профилдик мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катарынан Консультативдик комитеттин мүчөлөрү катышышты.
ЕЭК министринин сөзү боюнча, мамлекеттик сатып алууларда ЭСКларды өз ара таанууну камсыз кылуу боюнча концептуалдык мамилелер эксперттик деңгээлде иштелип чыккан жана макулдашылган. "ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан мамлекеттик сатып алууларда бири-биринин электрондук кол тамгаларын өз ара таануу планында тиешелүү Эрежелерди иштеп чыгуу каралган. Көптөгөн пункттар боюнча биз өлкөлөр менен макулдашууларга жетиштик. Эми бул ыкмаларды ЭСК өз ара таануу эрежелерине жүктөөнү пландаштырып жатабыз, аны Коллегияга, андан кийин Комиссиянын Кеңешине бекитүүгө сунуштайбыз", – деп белгиледи Бахыт Султанов.
Мындан тышкары, тараптар "бешилтиктин" башка өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышууга ЕАЭБдин бир мамлекетинен потенциалдуу жеткирүүчүлөргө уруксат берүүнү автоматташтыруу маселелерин, анын ичинде потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн квалификациясын тастыктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмесин аныктоо бөлүгүн карашты.
"Биз Бирлик мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына талдоо жүргүздүк. Ал бардык өлкөлөр үчүн потенциалдуу жеткирип берүүчүлөргө жалпы талаптар да, ошондой эле сатып алуу объектисинин өзгөчөлүгүнө жараша колдонулуучу атайын талаптар да бар экендигин көрсөттү. Ошондуктан биз кесиптештерибизден потенциалдуу жеткирип берүүчүлөргө карата Бирликтин укугунда бекитиле турган бирдиктүү талаптарды аныктоо боюнча сунуштарды сурадык", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Ошондой эле өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча отурумда Бирликтин укугун жөнгө салуу чөйрөсүнөн айрым сатып алууларды, анын ичинде шайлоо компанияларын өткөрүү жана адвокаттарды жалдоо максатында сатып алууларды алып салуу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Белгиленген иш-чараларды андан ары ишке ашыруу, ошондой эле санариптештирүүнүн жана электрондук сатып алууларга жеткиликтүүлүктү камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн катышуучулар веб-порталдардын операторлордун жана электрондук соода аянтчалардын катарынан эксперттик топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Бахыт Султановдун айтымында, мындай топ жакын арада түзүлөт.