Жаңылыктар

10.06.2022 (Обновлено: 06.07.2022 13:46)

Медициналык буюмдарды улуттук эрежелер боюнча каттоо мезгили жылдын аягына чейин узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экинчи протоколду бекитти. Документ медициналык буюмдарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелер боюнча каттоо мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Медициналык буюмдарды улуттук эрежелер боюнча каттоонун өткөөл мезгилин узартуу алардын өндүрүүчүлөрүнүн сунуштарын эске алат, анын ичинде ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнө карата экономикалык мүнөздөгү чектөө чараларынын киргизилишине байланыштуу улуттук деңгээлде атайын рынокту колдоо чараларын ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Протокол Бирликтин эл аралык актыларды убактылуу колдонуу режими белгиленген мамлекеттеринде, расмий түрдө жарыялангандан тарта колдонулуп баштайт.