2021-жылы улуттук валютада төлөмдөрдүн үлүшү 73,5%ды, анын ичинде орус рублинде - 71,3%ды түзгөн. Кыргыз сомдорунда эсептешүүлөр кыйла өсүп, алардын үлүшү 0,6 пк-га жогорулаган. Доллар менен төлөмдөр 0,8 пк-га төмөндөгөн.
ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара эсептешүүлөрүн кошкондо, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен төлөмдөрдүн валюталык түзүмүндө АКШ доллары басымдуулук кылган: экспорт үчүн эсептешүүлөрдө 54,3%ды жана импорт үчүн эсептешүүлөрдө 36,8%ды түзгөн.
Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "2021-жылы товарларды жана кызматтарды экспорттоо жана импорттоо үчүн төлөмдөр жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү