Өз ара кызматташууну кеңейтүү, соода көлөмдөрүн көбөйтүү, регионалдык бирикмелердин ортосунда интеграциялык диалогду жөнгө салуу жана потенциалдуу ишкер өнөктөштүк түйүндөрүн аныктоо маселелери 27-июлда Санкт-Петербургда "Россия-Африка" экинчи экономикалык жана гуманитардык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ-Африка: кызматташтык горизонттору" сессиясынын жүрүшүндө талкууланган негизги маселелер болду.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 2019-жылы "Россия-Африка" биринчи форуму өткөрүлгөндөн кийин Евразия экономикалык бирлигинин Африка өлкөлөрү менен кызматташтыгында олуттуу жылыштарды белгиледи. Ал өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу тармактары катары айыл чарба жана инфраструктураны, өз ара соода жана инвестицияларды, маалыматтык тутумдардын интеграциясын, техникалык жөнгө салуу, ветеринардык жана фитосанитардык контроль, ишкердикти өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты атады.
Сергей Глазьев баса белгилегендей, азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү ЕАЭБ менен Африканын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгара турган локомотив болуп калышы мүмкүн.
"ЕАЭБдин базалык азык-түлүк товарларын жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча жыйынды мүмкүнчүлүктөрү, чындыгында, дээрлик бир миллиард адамды азыктандыруу үчүн ресурстарды бере алат", - деп белгиледи Сергей Глазьев.
ЕЭК министри ошондой эле африкалык кесиптештеринин көңүлүн Комиссиянын интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтерине бурду жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, ошол эле учурда, Евразия региону үчүн Африкалык субрегионалдык бирикмелердин интеграциялык тажрыйбасы кызыгууну жаратат.
"Иштин мазмундуу бөлүгүндө мыкты интеграциялык тажрыйбалар менен алмашуу кызыгууну жаратмак, – деп билдирди Сергей Глазьев. - Биз ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштөө шарттарын, өзгөчө техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү жагында түшүнүү деңгээлин ыкчам жогорулата алабыз".
Мыкты интеграциялык практикалар менен алмашуу темасын андан ары талкуулоодо ЕЭК министри Африка санариптик чечимдерди, өзгөчө каржы чөйрөсүндө санариптик чечимдерди колдонуу боюнча көптөгөн өлкөлөрдөн алдыда экенин баса белгиледи, бул ЕАЭБ алкагында интеграцияны өнүктүрүүдө практикалык кызыкчылык жаратышы мүмкүн.
ЕЭК министри ошондой эле Африка бирлиги менен диалогдун жана Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду узартуу, практикалык иштерди жөнгө салуу жана мыкты интеграциялык практикалар менен алмашуу жолу менен эки бирикменин өз ара иштешүүсү үчүн укуктук базаны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө билдирди.
Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач өз ара сооданын өсүшүн белгилеп өттү, анын көлөмү 2015-2022-жылдары 60%га көбөйүп, 19 млрд АКШ долларын түзгөн, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту 74%га, импорт - 15,5%га өскөн. Дмитрий Вольвач негизги милдет катары соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбаган потенциалын аныктоо жана аны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу деп эсептейт. Ал ошондой эле Африка өлкөлөрүнүн евразиялык интеграциянын күн тартибине өсүп жаткан кызыгуусун белгилеп, ЕЭК менен африкалык континенттин негизги регионалдык эл аралык бирикмелеринин ортосунда кызматташтыкты институтташтыруу жана меморандумдарды түзүү жолу менен ЕАЭБдин өлкөлөр менен да, ошондой эле континенттин эл аралык уюмдары жана бирикмелери менен өз ара иштешүүсүнүн келечеги жөнүндө айтып берди.
Африка бирлигинин (АБ) Комиссиясынын Өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин директору Стив Патрик Лаланде баса белгилеп өткөндөй, ЕЭК менен АБ Комиссиясынын ортосунда жумушчу маселелердин саны өсүүдө, жөнгө салуу, инвестицияларды тартуу, бизнес-коомдоштукту маалымдоо, чакан жана орто бизнести өбөлгөлөө, ошондой эле билим берүүнү өнүктүрүү чөйрөсүндө позитивдүү интеграциялык тажрыйбаларды жигердүү алмашуу үчүн биргелешкен форумдарды, көчмө жолугушууларды, семинарларды өткөрүүгө чакырды.
Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохин Евразия экономикалык бирлиги менен африкалык региондун ортосундагы соода индексин жогору баалады жана ЕАЭБ менен Африка өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара сооданын өсүшүн камсыз кылуу үчүн континентте логистикалык базаны жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады. Ошондой эле ал ЕАЭБдин Ишкер кеңешинин африкалык өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрү менен кызматташуусунун келечегине токтолду.
Иш-чаранын модератору өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, "Россия-Африка" экономикалык жана гуманитардык форумунун катчылыгынын жетекчиси Олег Озеров болду.
Маалымат
Борбордук Африка мамлекеттеринин экономикалык шериктештиги (БАМЭШ) 1983-жылы түзүлгөн. Бул интеграциялык бирикмеге Ангола, Бурунди, Габон, Конго Демократиялык Республикасы (КДР), Камерун, Конго Республикасы, Руанда, Сан-Томе жана Принсипи, Борбордук Африкалык Республика (БАР), Чад, Экваториалдык Гвинея кирет. Уюмдун максаттары – катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда интеграциялык процесстерди өнүктүрүү, өзүнүн экономикалык күчтөрүнө таянуу менен аларды ар тараптуу тереңдетүүгө көмөк көрсөтүү, жалпы рынокту түзүүгө карай илгерилөө. БАМЭШ ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо, терроризмге жана каракчылыкка каршы күрөшүү, коомчулуктун мейкиндигинде шайлоо процесстерин колдоо менен алектенет.
Африка бирлиги (АБ) 2002-жылы түзүлгөн. АСнын жарыяланган максаттарынын арасында - мүчө мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо, тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, континенттеги саясий жана социалдык-экономикалык интеграцияны тездетүү, демократиялык принциптерди жана институттарды кубаттоо, африкалык өлкөлөрдүн макулдашылган мамилелерин дүйнөлүк аренада илгерилетүү, глобалдык экономикада Африканын татыктуу ролун камсыздоо үчүн зарыл шарттарды түзүү.
2021-жылы ЕАЭБдин Африка өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 21,9%га (18,9 млрд АКШ долларына чейин), экспорт – 24%га (15,4 млрд АКШ долларына чейин), импорт – 13,7%га (3,5 млрд АКШ долларына чейин) көбөйгөн.
Евразия экономикалык комиссиясы менен Африка бирлигинин Комиссиясынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2019-жылдын 24-октябрында Сочиде өткөн "Россия-Африка" саммитинин алкагында кол коюлган.