Жаңылыктар

16.10.2023

ЕАЭБ жана АСЕАН соода-экономикалык кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүдө

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев "Россия жана АСЕАН АТРде: өз ара иштешүүнүн динамикасы, регионалдык процесстер жана глобалдык контекст" конференциясынын ачылыш аземинде билдирди.

Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнө экономикалык байланыш жана өз ара толуктоолор мүнөздүү, алар узак мөөнөттүү келечекте соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жакшы негиз болуп саналат. Ошол эле учурда ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн жана сооданын масштабы азырынча оптималдуу эмес. Өнөктөштүктүн инфраструктурасын жакшыртуу, өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперацияны өстүрүү зарыл. ЕЭК мындай аракеттерди көрүүдө. ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган учурдан тартып өткөн беш жылдын ичинде, АСЕАНдын Катчылыгы менен тыгыз байланыштар жолго коюлган, биргелешкен ири иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде уюштурулуп турат, алардын максаты интеграциялык тажрыйба алмашуу гана эмес, бизнес-коомдоштуктардын өз ара иштешүүсүнүн түз каналдарын түзүү болуп саналат.

"Биз өз тарабыбыздан сооданы өстүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө, тоскоолдуктарды четтетүүгө, преференциалдык сооданын режимдерин кеңейтүүгө даярбыз", – деди Сергей Глазьев жана бул контекстте ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү эске салды.

Конференциянын ачылыш аземине ошондой эле Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, Россия-АСЕАН Ишкер кеңешинин төрагасы Иван Поляков, Индонезиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Экономикалык департаментинин жетекчиси Фаджар Хираван, Лаостун ТИМинин Эл аралык мамилелер институтунун директору Май Сайнявонг, Россиянын ТИМинин ММЭМИнин илимий иштер боюнча проректору Андрей Байков, Россия ТИМинин ММЭМИ алдындагы АСЕАН борборунун директору Екатерина Колдунова жана ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн башка эксперттери катышышты.

Маалымат

"Россия жана АСЕАН АТРде: өз ара аракеттенүүнүн динамикасы, регионалдык процесстер жана глобалдык контекст" конференциясы ММЭМИде Россиялык эл аралык изилдөөлөрдүн ассоциациясынын (РЭИА) XV Конвентинин алкагында өтүп жатат жана Россия менен АСЕАНдын стратегиялык өнөктөштүгүнүн беш жылдыгына арналган.

ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган. Документ Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2021-2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт.