Жаңылыктар

28.11.2022

ЕАЭБ жана БРИКС универсалдуу төлөм тутумун жана көз карандысыз эл аралык институттарды түзүүнү иштеп чыгышат

Евразия экономикалык бирлиги менен БРИКСтин өз ара иштешүүсүнүн алкагында төлөм жана эсептешүү инфраструктураларын бириктирүү боюнча иштер уюштурулушу мүмкүн. Бул туурасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси Владимир Ковалев 28-ноябрда Москвада өткөн БРИКС эл аралык ишкер форумунун жүрүшүндө "БРИКС жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын жаңы моделдери эски экономикалык парадигмаларга альтернатива катары" пленардык сессиясында билдирди.

"Дүйнөлүк каржы тутуму өзгөрүүдө. ЕАЭБдин жана БРИКСтин кызматташтыгынын олуттуу дарамети валюта себетинин негизинде жаңы эсептөө бирдигинин эки бирикмесин түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып турат. Кытайдын (Union Pay), Индиянын (RuPay), Бразилиянын (Elo), ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин (МИР, Белкарт ж. б.) улуттук тутумдарын бириктирген жалпы төлөм карточкасын (БРИКС + ЕАЭБ) чыгарууну болжолдогон универсалдуу төлөм тутумун түзүү кызыктуу жана пайдалуу болушу мүмкүн", – деп белгиледи Владимир Ковалев.

ЕАЭБдин жана БРИКСтин соода-экономикалык кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында гана ЕЭК мамлекеттеринин БРИКС өлкөлөрүнө экспорту болжолдуу түрдө бир жарым эсеге өстү, ал эми ЕАЭБдин тышкы товар жүгүртүүсүндө БРИКСтин үлүшү дээрлик 30%га жетти.

Евразия экономикалык комиссиясы ишмердүүлүгү БРИКС менен ЕАЭБдин жалпы мейкиндигине жайылтыла турган көз карандысыз эл аралык институттарды түзүүнү келечектүү деп эсептейт. Владимир Ковалев белгилегендей, "БРИКСтин жана ЕАЭБдин макрофинансылык өнүктүрүү институттарынын, атап айтканда БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын, ЕАӨБ, ошондой эле улуттук өнүктүрүү институттарынын потенциалдарын бириктирүү максатка ылайыктуу. Бул синергиялык натыйжага жетишүүгө жана туруктуу инфраструктурага, инновациялык өндүрүшкө, энергиянын калыбына келүүчү булактарына синхрондуу инвестицияларды камсыз кылууга мүмкүндүк берет".

Бүгүнкү күндө ЕАЭБде жана БРИКСте анын баалоосу конъюнктуралык тобокелдиктерге жатпай турган жана бул бүтүндөй глобалдык мейкиндикте инвестициялык чечимдерди кабыл алууда негиз болуп калышы мүмкүн болгон, рейтинг түзүүнүн универсалдуу механизмин түзүү максатында, прагматикалык мамиле талап кылынууда. 

"Мисалы, Кытайдын Dagong жана Chengxin Credit агенттиктеринин, өзүн көрсөтө алган аянтчалардын тажрыйбасын көрсөтүүгө болот. ЕАЭБде жакшы тажрыйба бар, мисалы, Бирликтин рынокторунда ийгиликтүү иштеп жаткан россиялык Аналитикалык кредиттик рейтинг агенттиги (АКРА). Евразиялык рейтингдик агенттигин түзүү маселеси Бирликтин аянтчасында талкууланууда", – деп пикирин бөлүштү ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси.

ЕАЭБ жана БРИКС экономикаларынын конвергенциясы эл аралык өз ара аракеттенүүнүн тең укуктуу жана ачык форматы катары Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн практикалык негизин түзөт. Форумдун пленардык сессиясынын алкагында анын катышуучулары ЕАЭБ жана БРИКСтин иш-аракеттеринин жалпы стратегиясын бул ишке ишкер чөйрөлөрдү жана эксперттик коомчулукту тартуу жолу менен даярдоо демилгесин көтөрүштү.