Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Мьянманын өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыгынын келечеги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунда сөз болду, ага ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян катышты.
"Евразия экономикалык бирлиги Мьянма менен өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ачык. Болжол менен бир жыл мурда Комиссия жана Мьянманын Өкмөтү Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан, жана азыр биз иштин келечектүү багыттарын, анын ичинде өнөр жайдагы багыттарды жигердүү талкуулап жатабыз", – деп баса белгиледи Георгий Арзуманян.
Ал чет өлкөлүк кесиптештерин Комиссиянын бул чөйрөдөгү ишмердүүлүгү менен тааныштырып, иштин артыкчылыктуу багыттары, ЕАЭБ мамлекеттеринин биргелешкен долбоорлору, Бирликте өнөр жай кооперациясын тереңдетүү инструменттери жөнүндө айтып берди.
Мьянманын Өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү Мьянманын ИДӨсүндө өнөр жай жана курулуштун үлүшү 20%га жакын экенин белгилешти. Мьянмада кен казуу, текстиль, жыгач иштетүү тармактары көбүрөөк өнүккөн. Алардын ар биринде, мисалы, жеңил өнөр жайында, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүн.
Акыркы жылдары Бирлик өлкөлөрүнүн Мьянма менен соодасы барган сайын жигердүү өнүгүп жатканын белгилей кетүү керек. Россиядан бул мамлекетке негизинен даяр металл буюмдары, компьютердик, электрондук жана оптикалык жабдуулар, мунай өнүмдөрү, химиялык өнөр жай продукциялары, электр жабдуулары экспорттолот. Башка мүчө мамлекеттер Мьянмага техникалык каражаттарды, дары-дармектерди ж. б жеткиришет. Кийим-кече жана бут кийим Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан үчүн Мьянмадан импорттун негизги статьялары болуп саналат. ЕАЭБ рыногуна иштетүүчү өнөр жай продукциясынын импорту бир жылда дээрлик үчтөн бирге өстү.
Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын 15-июнунда кол коюлган. Анда бажы жана техникалык жөнгө салуу, өнөр жай, энергетика, транспорт жана башка бир катар тармактарда өз ара аракеттешүү каралган.