Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Тани бен Ахмед Аль Зейуди экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн аяктаганын жарыялашты.
"ЕАЭБ достук мамиледеги өлкөлөр менен экономикалык өнөктөштүк тармагын жигердүү калыптандырууда. БАЭ менен макулдашуу — өлкөнүн региондогу глобалдык хаб катары ролун эске алганда маанилүү учур болуп саналат. Макулдашуу биздин мамлекеттердин ортосундагы соодага кошумча импульс берет, ал буга чейин болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөтүп турат, ошондой эле кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн тутумдук негизди түзөт", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
"БАЭ жана ЕАЭБ узак мөөнөттүү өсүшкө жана экономикалык диверсификацияга жалпы умтулууга негизделген жемиштүү мамилелерди өнүктүрүп келишет. Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы биздин өз ара аракеттешүүнү тереңдетет жана көптөгөн синергиялык байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", – деп Тани бен Ахмед Аль Зейуди баса белгиледи.
Макулдашуу ага кол коюудан мурда мамлекеттик ички макулдашуунун тиешелүү жол-жоболорунан өтүшү керек.
БАЭ менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2022-жылдын декабрында кабыл алынган. 2023 жана 2024-жылдары сүйлөшүүлөрдүн төрт айлампасы өткөрүлгөн.
Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден кийин өз ара сооданын 90%дан ашыгы жана товардык номенклатуранын 85%дан ашыгы преференциялык режимге камтылат.